Быйыл этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 квота бөлүндү

Быйыл этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 квота бөлүндү

2023-2024 - окуу жылына этникалык кыргыздар үчүн өлкөдөгү жогорку окуу жайларга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.


Министрлик билдиргендей сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандан этникалык кыргыздар катыша алат.


Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.


Ошондой эле 2023-жылдын 21-июлу саат 23:59 га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.


Былтыркы жылы да этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнүп, 12 этникалык кыргыз окууга кабыл алынган.