Бир катар депутаттар Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келүүнү суранып жатышат

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдырахман Маматалиев жана Камила Талиева Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келүү мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек деп билдиришти. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда коомчулукта, жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талкууланып жаткан Памир кыргыздарынын акыбалын бул ирет депутат Абдырахман Маматалиев көтөрдү.

Ал Памирдеги боордошторду көчүрүп келүүнү парламенттик, президенттик же өкмөттүк деңгээлде чечүү зарыл деген пикирде. Депутат Камила Талиева дагы бул демилгени колдоп, депутаттар тобу Памир кыргыздарынын маселеси боюнча мыйзам долбоору иштелип башталганын маалымдады. Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча КР вице-премьер министри Гүлнара Асымбекова башында турган комиссия түзүлгөнүн айтты. Ошону менен катар төрага кесиптештерин аталган комиссияга кирүүнү сунуштады.

 

Булак : Баракелде