Билим берүү министрлиги тажикстандык студенттерге чек арадан өтүүгө жардам берүү үчүн буйрук долбоорун иштеп чыкты

Билим берүү министрлиги тажикстандык студенттерге чек арадан өтүүгө жардам берүү үчүн буйрук долбоорун иштеп чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын маселеси боюнча түшүндүрмө берди.


Буга чейин АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Кызматташуу» коомдук уюмунун төрагасы Зайнидин Тагаев Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал (Лахш) райондорундагы 84төн ашуун этникалык кыргыз студент Кыргызстанга келип, окуусун уланта албай жатышканын айткан.


Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Министрлер кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыкты.


Буйруктун долбоору Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга тапшырган же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга, Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана анын аймагынан чыгууга жана Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.


Ушул тапта буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен макулдашылууда. Тажик тарапка бул тууралуу эскертилген.


2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны окуган.