Ө.Бердибаевдин “Нур Бадахшан” китебинин бет ачар аземи (сүрөт)

Ө.Бердибаевдин “Нур Бадахшан” китебинин бет ачар аземи (сүрөт)

2020 - жылдын 12 - октябрь күнү, Ош шаарында Өскөнбай Бердибаевдин "Нур Бадахшан" аттуу китебинин бет ачар аземи болду.

 

Иш чарада Ош облусунун Жазуучулар союзунун төрагасы, Ош мамлекеттик университетинин филология илимдеринин кандидаты, доцент Төрөбай Жороев, ОшМУ кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат Турганбаев, педагогика илимдеринин доктору профессор Сатканбай Момуналиев, Ош шаардык кыргызстан улуттар ассамблеясынын,тажик улуттук "дусти" маданий борборунун жетекчиси Алиназаров Холикназар агайлар авторду кызуу куттукташты.

 

Х.Алиназаров өз сөзүндө “Ушул китеп биздин ынтымагыгыбыздын белгиси биз илгертеден бери ынтымакта жашап келе жаткан элдербиз, мындан ары да кыргыз -тажик достугу бекемделе берсин”- деп айтты.

 

Жазуучулар союзунун төрагасы Т.Жороев Бадахшан өрөөнү боюнча өзүнүн жылуу эскерүүсүн айтуу менен бирге айтылуу Сарыколдо эмгектенип ошол жактан көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан, мыкты чыгармаларды жазган жазуучулар Мурза Гапаров, Эрнест Турсунов, Анатай Өмүрканов, Өмүрбек Тиллебаев өңдүү агайларды айтып өттү.

 

berdibaevdin-nur-badakhshan-kitebinin-bet-achar-azem 1 2 berdibaevdin-nur-badakhshan-kitebinin-bet-achar-azem 1 3

 

Кеченин аягында профессор Сатканбай Момуналиев китептин автору Өскөнбай Бердибаевке чыгармачылык ийгилик каалап, Бадахшан - Алай тоолорундай бийик улуу чыгармаларды жарата бергин, үй бүлөң менен ар дайым жакшылыктардын күбөсү бол деп бата тиледи.