Ө.Бердибаев Казак Республикасынын "КазАк" авторлор коомунун мүчөсү

Ө.Бердибаев Казак Республикасынын "КазАк" авторлор коомунун мүчөсү

Жердешибиз Өскөнбай Бердибаев былтыры Казак Республикасынын дүйнөлүк таланттар союзунун мүчөсү болгон болчу. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 11-март күнү Казак Республикасынын "КазАк" авторлор коомунун мүчөсү болду.

 

Казак Республикасынын ("КазАк") авторлор коому жердешибиз менен түзүлгөн келишимдин негизинде авторго руханий, моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен бирге автордун укугун коргойт. Мындан ары "КазАк" авторлор коому Казак Республикасында жана башка өлкөлөрдө жердешибиздин чыгармаларын, эмгектерин, идеяларын, мыйзамсыз пайдаланууга, көчүрүүгө, нускалоого, өзгөртүүгө мыйзамдын негизинде өз көзөмөлүнө алат жана сый акы, калем акы төлөп берүүнү камсыз кылат.

 

Өскөнбай Бердибаевдин документтерин жана күбөлүгүн Алма - Ата шаарынан Сарыколдук жердешибиз Абсатар Бердибеков 13 -мартта Кыргызтанга жөнөткөн.

 

Жердешибизге Сарыкол тоолорундай бийик эргүүлөрдү жана албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

 

berdibaev-kazak-respublikasynyn-kazak-avtorlor-koomunun 2 berdibaev-kazak-respublikasynyn-kazak-avtorlor-koomunun 3