Балдарды эрте тарбиялоо - бул биздин жаркын келечек

Балдарды эрте тарбиялоо - бул биздин жаркын келечек

Окуу жашына чейин балдарды мектепке эрте даярдоо бөлүмүндө кенже жаштагы балдарды таалим-тарбия берүүдөгү ачылган 5-6 жаштагы бал- дарды адеп-ахлакка үйрөтүү иретинде алардын сабатын өнүктүрүү үчүн район ичинде мектеп арасында атайын сабактар үзгүлтүксүз өтүүдө.

 

6-апрель 2019-жыл бардык мектептин даярдоо бөлүмүнүн мугалимдеринин катышуусунда №9 Манас атындагы жалпы билим берүү мекемесинде ме- тодикалык бирикме болуп өттү. Мунда биздин аксакал тажрыйбалуу эжекебиздин жетекчиси менен К.Нурмахмадова жана Н.Исмаилова эжекелер эмгек предмети боюнча сабак өтүп берди. Эмгек сабагына бардык предметтерди байланыштырып өттү адабий окуу математика, музыка. Окуучулардын иш аракети, эмгекке болгон кызыгуусу арбып, бул иште Нурмахмадова Каныкей эжекебиздин иши айгеленип турат. Сабактын соңунда анализдер, жакшы каалоолор, ыраазычылыктар айтылды.

 

Албетте мындай иш аракети, ийгиликти айтпай коюуга болбойт тура. Урматтуу ата-энелер балаңыздарды мектепке даяр болуу үчүн ушул даярдоо бөлүмүнө берүү жагыңыздарды сунуштайм. Бул өспүрүм балдарды даярдоо бөлүмүнүнүн ачылышына себепкер “Ага-Хан фондуна” терең ыразычылык билдиребиз.

 

Ж.Шарипова, №9 Манас атындагы жалпы билим берүү

мекемесинин башталгыч класстын бирикмесинин башчысы.