Бадахшан боюнча археологиялык изилдөө жарык көрдү

Чыгыш Памирге арналган "Тоолуу Бадахшандын археологиялык картасынын" экинчи тому жарыкка чыкты.

 

Tajik.info билдиргендей, изилдөөдө Мургаб району кирген бул автономдуу облустагы 19-кылымдан берки бардык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылат. Изилдөөнүн автору Мира Бубнова Орус география коому жана Санкт-Петербургдагы Орусия академиясынын Материалдык маданият тарыхы институту менен катар Берлиндеги Немис археологиялык институтунан алынган жаңы маалыматтарды колдонгон.

 

Сайттын жазышынча, монография аймактын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхына байланышкан айрым маселелерди кайра карап чыгууга мүмкүндүк берет.