Алгылыктуу иш чара

Алгылыктуу иш чара

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрель күнү Ыраң Көл жамаатындагы Аблеч Шаиков атындагы №4 жалпы орто билим берүү мекемесинде Тажикистан Республикасындагы “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана Жарандык коргонуу” комитетинин түзүлгөндүгүнүн 25-жылдык юбилейине карата иш чара болуп өттү.

 

Бул иш чарага Мургаб районунун төрагасы Жоошбаев Мурзабай, МБЖАОнын социалдык жактан өнүктүрүү жана байланыш бөлүмүнүн башчысы Мамаюнусов А, Райондук “ Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жарандык коргонуу” комитетинин жетекчиси подполковник Жусупов Б, жана жардамчысы лейтенант Тойчиев М, Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Сатаркулов С ж.б келип катышышты. Алгач келген коноктор “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана Жарандык коргонуу” темасына арналгн 2-6 класстарда ачык сааттарга жана 10-11- класстын окуучуларына өтүлгөн викторинага катышып, билим деңгээлдерин текшкерип чыкты. Мындан кийин Өзгөчө кырдаалдардын ичинен “Жер титирөө” жана “Өрт” темаларына арналган практикалык машыгуу болуп өттү.

 

Иш чаранын жыйынтыгында Мургаб районунун төрагасы Жоошбаев М сөз алып, бул машыгуунун жогорку деңгээлде даярдалганынын баса белгилеп, мекеменин башчысына жана мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Иш чаранын соңунда райондук өкмөт, райондук билим берүү бөлүмү, жаран- дык коргонуу комитетинин, жамааттын, мектептин атынан окуучуларга мугалимдерге баалуу сыйлыктарды грамоталарды тапшырды.


Ошону менен бул иш чара өз ишин аяактады.


Сейитов Каныбек, Аблеч Шаиков атындагы

№4 орто билим берүү мекемесинин тарых мугалими.