Алайга көчүрүлгөн памирликтердин тамак-ашына өкмөт каражат бөлө элек

Алайга көчүрүлгөн памирликтердин тамак-ашына өкмөт каражат бөлө элек

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына 2019-жылдын декабрында көчүп келген ооган кыргыздарына мамлекеттин бюджетинен акча каралбай жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Сары-Могол айылынын өкмөт башчысы Рахматилла Саитов кабарлады.

 

Анын айтымында, учурда этникалык кыргыздарга жергиликтүү тургундар жана жеке ишкерлер жардам берип жатышат.

 

«Мамлекет тарабынан тамак-ашка акча бөлүнө элек. Бюджеттен каралбай жатат. Бирок ага карабай Алай районунун беш айыл өкмөтүнөн келип бир уй союп беришти. Дагы башка эки мекеме жетекчи дары-дармек алып келип берди, Оштон молдолордон көрпө-төшөк, паластар келди», — деди Саитов.

 

Жергиликтүү тургундардын бири Залкарбек Каримов Будалык жана Гүлчө айылынын жаштары памирликтерге тиричилик техникаларын жана буюмдарын жеткирип беришкенин кабарлады.

 

«1984-жылы туулган жаштар 40 миңге чукул акча топтоп, памирлик боордошторго жардам берүүнү чечкенбиз. Аларга эмне зарыл экендигин алдын ала Сары-Могол айылынын өкмөт башчысынан сурап алган элек», — деди Каримов.

 

Буга чейин Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев аталган 11 үй-бүлөгө 400 миң сомдук жардам көрсөткөнүн «Турмуш» басылмасы маалымдаган.

 

Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан 11 үй-бүлө көчүп келген. Алар айылдагы эски мектептин имаратына убактылуу жайгаштырылган. Аталган райондун Талды-Суу айылына памирликтер үчүн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2020-жылдын апрелинде башталмакчы.