Алайда памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курулат

Алайда памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курулат

Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кызгыздар үчүн 7 үй курулат. Бул тууралуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдирди.

 

Анын айтымында, памирлик кыргыздарга үй куруу үчүн 1 гектар 20 сотых жер бөлүнгөн.

 

«7 үй курууга мамлекеттен 10 млн сом каралган. Үйлөрдүн долбоору даяр. Учурда үй куруучу компанияларга тендер жарыялаганбыз. Компаниялар катталып жатышат. Ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзөт. Буюрса 2020-жылдын апрель айынан баштап курулуш иштери башталат», - деди айыл өкмөт башчы.

 

Талды-Суу айыл өкмөтү тоолуу болгондуктан, кыш узакка созулат.

 

Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Жанар Акаев Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар үчүн 2019-жылы бериле турган 10 млн сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнбөгөнүн билдирген.

 

Анын суроосуна жооп берген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Алай районундагы курулуш иштерине 2020-жылдагы бюджеттин эсебинен 17 млн сом бериле турганын айткан.