Алайда окуп жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептери берилди

Алайда окуп жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептери берилди

Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов атындагы орто мектебинде окуп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

 

«Аркус» жана «Кутаалам» басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана «Алиппе», 50 даана «Мекен таануу», 40 даана «Математика» китептерин, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 топтом, кыргыз тилиндеги 10 топтом жомок китептерди жана 120 даана көркөм китептерди тапшырды.

 

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.