67 жаштагы Э.Маматов жаштардан кем калбай бийлеп, бийчилерге кийим тигет (сүрөт, видео)

67 жаштагы Э.Маматов жаштардан кем калбай бийлеп, бийчилерге кийим тигет (сүрөт, видео)

Алай районунун Гүлчө айылынын 67 жаштагы тургуну Эсенбай Маматов 48 жылдан бери окуучуларга бий өнөрүн үйрөтүп келет. Талыкпай эмгектенип келе жаткан хореограф менен аймактык кабарчы таанышты.

 

Эсенбай мырза жыл сайын 30га чукул окуучуга бий өнөрүн үйрөтөт. Учурда бийге кызыккан окуучу кыздар кыргыз, өзбек, тажик, татар элинин улуттук бийлерин үйрөнүп жатышат.

 

«30 жашымда Тажикстанга хореография боюнча окуганы бардым. Алар жашы өтүп калган адамдарды алышпайт экен. Бирок мени сыноо үчүн алышты. Алардын сыноосунан өттүм окшойт, окуп калдым. Институтту бүтүп, Тажикстандын кыргыздар жашаган Мургаб аймагында 14 жыл эмгектендим. Ал жакта бир нече жолу бий сынактарында жеңүүчү болгом», - дейт хореограф мырза.

 

 

Э.Маматовдун жашы 70ке жакындап калса дагы кыргыздын улуттук бийлерин жаш жигиттердей эле бийлейт. Ал кайсы улуттун бийи болбосун, баарын бийлей аларын айтты.

 

«Мен бардык улуттун бийлерин бийлей алам. Кыргыздын бийлерин жакшы бийлейм десем болот. Бирок азыр ден соолугум жакшы болбой жатат. Колдон келсе бийлеп турган жакшы. Ооруп калсам дагы бийлеп жатам», - деди хореограф.

 

Эсенбай мырза Тажикстандын Мургаб районунда иштеп жүрүп, кийин Алай районуна көчүп келген. Ал бийчилердин кийимдерин дагы өзү тигет.

 

«Тажикстандын Мургаб районундагы маданият үйүндө 14 жыл директор болуп иштедим. Кийин Алайдан мектепке иштеп бер деген сунуш түшкөндөн кийин көчүп келдим. Бийчи кыздардын кийимдерин көбүнчө өзүм тигем. Кийим тиккенди мага эч ким үйрөткөн эмес. Бир кийим жагып калып, ошондон улам үйрөнгөм. Тиккенди өздөштүргөндөн кийин досум экөөбүзгө окшош кийим тиккем», - дейт Э.Маматов.

 

Ал Алай районунун борборундагы Сами Дооронов атындагы музыкалык мектепте бий үйрөткөн жалгыз мугалим. 48 жылдык эмгек тажрыйбасында бийдин 30дан ашык кыймылын иштеп чыккан.

 

Э.Маматов 2 уул, 1 кыздын атасы.