10 кой, 1 музоо, 1 жылкы. Алайда этникалык кыргыздарга материалдык жардам көрсөтүлдү

10 кой, 1 музоо, 1 жылкы. Алайда этникалык кыргыздарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Памирлик кыргыздарга президенттин атынан эмгек министри Кудайберген Базарбаев материалдык жардам берди. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.


Анда министр бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаровдун атынан Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздар менен жолугушкан.


"Памирлик кыргыздарга 2017-жылы республикалык бюджеттен көчүп келген учурдан баштап, демөөрчүлөрдүн эсебинен да жардам көрсөтүлүүдө. Талды-Суу айылына республикалык бюджеттин эсебинен 20 миллион сом бөлүнүп берилген. Мамлекет башчысы ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бир музоо жана бир жылкы бөлүп берди. Жергиликтүү бийлик мал багуучу сарайларды куруп, жалпы суммасы 850 миң сомго тоют сатып алып, азык-түлүк жана көмүр менен камсыздайт. Алай районунда жашаган 38 балага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жөлөк пул, ал эми 2 жаранга карылыгы боюнча пенсия дайындалат. 41 бала мектепте окуп жатат", - деп жазылат маалыматта.


Кудайберген Базарбаев ар бир үй-бүлөгө 160 килограммдык ун, 55 килограмм макарон, 53 килограмм кант, 12 литр өсүмдүк майын, 3 килограмм күрүч жана чай, ошондой эле кышкы күрмө жана балдардын бут кийимин тапшырды. Бул иш-чарага Алай районунун жергиликтүү бийлик органдарынын жана социалдык блогунун кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты.