Жаз келгенде

Жаз келгенде

Жаз келгенде Кара Көлгө күндөр жылып

Толкун болуп көл үстүндө муздар сынып

Каардуу кышты узатып күтүп жазды

Шоокум салып шоктонот көлүм ыйык


Өркөчтөнүп толкүндар музду жарып

Жээкке сүрөт токтобой албууттанып

Жашыл шибер баш багыр жаңы гана

Көрккө келип көл жээги жаз жыттанып


Толкун ойноп жээгинде кумду чайкап

Көк шиберге көрк берип гүлдөр жайнап

Кымкуут болуп каз-өрдөк көл үстүндө

Көңүлүңдү көтөрөт шаңдуу сайрап


Жараткан соң кудайым ырга жакын

Кооздугуңду сүрөттөп ыр жазамын

Сагынычты таркатып бир күн барып

Көпкө олтуруп жээгиңде сырдашамын


Жыбырашкан толкундар жээкте ойноп

Кыялданам жүргөндөй көлдү бойлоп

Кумарымды кандырып толкундардын

Шырп-шырп эткен добушу жүрөк козгоп

 

Таалай Сайназаров

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.