Жакшы адамдар

Жакшы адамдар

Жакшы адамдар жаныңда курчап турса,

Жан сырыңды дайыма туюп турса

Жабыркабай жүрөгүң нурга толуп

Өтөрсүң арманың жок бул жарыкта

 

Жакшы адамдар жашоодо жандап турса

Жылуу сөзүн аянбай арнап турса

Ошол сөз жан эргитип, дем-күч берип

Чаалыгуунун дарысын камдап турса

 

Кеңеш берип кемчилигин оңдоп турса

Ар сөзү жакшылыкка жолдоп турса

Андан артык эмне бар бул дүйнөдө

Таяныч болуп тар жолдо колдоп турса

 

Жакшы адамдар көңүлдө конуп турса

Жакшы сөзгө жан дүйнөм толуп турса

Алар барда ааламда түгөл болуп

Жан дүйнөмдө дайым жаз болуп турса

 

Жакшы адамдар түбөлүк жүргүлөчү

Нур тамызып жүрөктөргө күлгүлөчуү

Силер барда жашоо дагы жарык болуп

Дүйнө бүтүн болорун билгилечи

 

Жакшы адамдар дайым мага керексиңер

Ырларымда ойлорумда силерсиңер

Баарын кымбат-эң аярлуу адамдарым

Жашоомдо колдоп турган терексиңер

 

Бирөөсү жакшы дейт менин берген сабагымды

Бирөөсү жакшы көрөт дайым ачык кабагымды

Дагы бирөө жактырып айтып жүрөт

Мен аларга арнап жазган ырларымды

 

Баалай билет бирөөсү ойлорумду

Сезип турам иштеримди колдооруну

Дагы бири дайым айтат аянбастан

Жүрөгүнөн чыккан жылуу сөздөрнү

 

Бирөөсү дайым керек бөлүшкөнгө кубанчымды

Шыктандыртып ар дайым талантымды

Бирөөсү жакшы акылын айтпаса да

Бугум айтсам туюп турам угарыңды

 

Бири керек адашканда, шашканымда

Бири оңдойт сабыр кыл деп урушчаагым кармаганда

Бири дайым түшүнүп котормолойт

Тентектигим чеги жок ашынганда

 

Бири керек ыр жазалбай кыйналганда

Ыр саптарын жыйнай албай чачылганда

Бири керек ойлорума ортоктошуп

Баалуу зарыл жакшы иштерди баштарымда

 

Жакшы көрүп окушат ырларымды

Баары жакшы баалашат жазганымды

Бирок алар менден такыр сурабайт

Билейин деп жүрөктү ойгон сырларымды

 

Сурабаса мейли дейм ыраазымын аларга

Бар болушсун жактырса да жакпасам да

Алар кымбат мен үчүн адамдарым

Барктап келем кандай эмне айтса дагы

 

Жакшылар жакшы болот бул дүйнөдө

Ар убак жашап келет көңүлдөрдө

Алар барда жашоо дагы узактай

Жакшылар жашаса экен жер үстүндө

 

Эркеайым Мамытова

Мургаб-Бишкек

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.