Жүрөгүм Кыргыз

Жүрөгүм Кыргыз

Жүрөгүм кыргыз, дилим мусулман,
Жигарим энем тилим ушундан,
Жаралганга тоба кылып жиберем,
Топурактан Алла таала учураган.

 

Атам тейит, энем тейит чын кыргыз,
Алла таала чын жараткан бул турмуш.
Эне-Сай, Памир, Алай тоолорум,
Тарыхтагы чын дастандар миң укмуш.

 

Баатыр Манас, пайгамбарым Мухаммед,
Кыргызыма мусулманга салтанат.
Алтай-Талас, Памир-Алай, Сары-Кол,
Макка-Тилла, Мадинага аркалап.

 

Мына жылдар, кылымдар да алмашып,
Миң-миңдеген турмуш менен кармашып.
Мөмө бактуу, ак буудайлуу эл-жерим,
Кыргыз кылым бирге келет жалгашып.

 

Жүрөгүм кыргыз, дилим мусулман,
Жигарим энем тилим ушундан.
Алла таала жараткан ата-энем,
Бул дүйнөгө үйрөтүп чын курчуткан.

 

Халил Мурзахматов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.