Токторова Меңдигүл: "Мезгил күчтүү" (ыр саптар)

Токторова Меңдигүл: "Мезгил күчтүү" (ыр саптар)

Атам менен апама

Атам апам айланайын бейиштерим,

Сиздерди эстеп жүрөгүм суз,кейиштемин.

Аттиң ай тирүү болуп төрдө отурса,

Дүйнөм түгөл болбойт беле азыр менин.

 

Керек болсо жанын берээр аябай,

Билбепмин кымбаттыгын ата-эненин.

Мага күйүп, мени сүйөөр инсандарым,

Билбепмин бул дүйнөгө бир келээрин.

 

Сагынып кээ күндөрү көргүм келип,

Эстеймин кусаланам, көздө жашым.

Дуба кылам, тилеймин күндө беш маал,

Бейишиңден бере көр Жаратканым.

 

Айылым

Айылым менин аппак тоолор курчаган.

Бейпил турмуш,берекеси төгүлгөн.

Айланайын алтын бешик айылым.

Көз жүгүртүп мен өзүңө суктанам.

 

Бул айылда калды менин издерим,

Балалыгым, өттү жаштык кездерим.

Бул айылдан канат күүлөп талпынып,

Мен эмгектин даңгыр жолун издедим.

 

Бул айылдан таптым сүйүү сезимди,

Бул айылдан кезиктирдим теңимди.

Эң биринчи наристемди колго алып,

Сенден сездим ата- энедей мээримди.

 

Турмуш деген ушундай татаал экен.

Айылым алыстамын узап сенден.

Сагынам мемиреген тоолоруңду,

Элимдин эсендигин тилеп келем.

 

Мезгил күчтүү

Артымды мен бир кылчая карасам,

Өтүптүр го кайран өмүр саналып.

Мунарыктап тээ алыстан бозорот,

Жаштыгымдын бүлбүлдөгөн карааны.

 

Кечээ эле так секирген улактай,

Жүрчү элек ойноп-күлүп кылактай.

Кечээ эле жигит сүйүп,кыз жандап,

Жаш элек го оргуп аккан булактай.

 

Ал мезгилди издейбиз биз табалбай,

Же бир кайтып ал мезгилге бара албай.

Кылчактайбыз,жалооруйбуз аттиң ай,

Өкүнөбүз каарылыкты жеңе албай.

 

Мургаб району

Аличор айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.