Токтобек Камаров: "Сагындырган журт экен !"

Токтобек Камаров: "Сагындырган журт экен !"

Эртелеп таңда кыбырап,

Тур уулум деп шыбырап.

Башымдан сылап ойготкон,

Энекем кандай жүрдү экен?

 

Дааратын алып беш маал,

Теспесин тартып бош маал.

Айылымдын көркү ак сакал,

Аталар кандай жүрдү экен?

 

Кыдырып бассаң көчөгө,

Сүйлөшүп көңүл көтөрө.

Тели теңтуш курбулар,

Досторум кандай жүрдү экен?

 

Алыстан оокат издесең,

Ал жайын көрүп билбесең.

Эсиңден кетпейт жакының,

Сагындырган журт экен!

 

Токтобек Камаров

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.