Токтобек Камаров “Сүйүү ыр саптары”

Үчөө элек

Үчөө элек мен, сен, жана айлуу түн,

Тең термелип толкунунда сүйүүнүн.

Көпкө чейин биз сырдашып олтурдук,

Эстен кетпейт махабатым ошол күн.

 

Жылдыздардан асман көйнөк кийгенде,

Айдын нуру жер жүзүнө тийгенде.

Бир багытта биздин таттуу кыялдар,

Үчөө элек түн койнунда бир жерде.

 

Сүйүү менен кооздолуп жаш жаны,

Не бир укмуш ак сүйүүнүн дастаны.

Биз үчөөбүз бирге тоскон ошол түн,

Бакыт түнү ошол кечтин асманы.

 

Али эсимде сенин назик күлгөнүң,

Сага арнап терген кызыл гүлдөрүм.

Мага тунук сезиминди тартуулап,

Бул жалганда өзүң барсың сүйгөнүм....

Алты тамга

Жазгым келди ушул алты тамганы,

Ал бир болсо, болот башка калганы.

Эгер алар ажырым жол тандаса,

Анда курган наристенин арманы.

 

Алты эмес алар алтын тамгалар,

Кимдир бирөө эмне экен деп таң калар.

Арнап койгон бүт өмүрүн балага,

Алар биздин алтын ата апалар.

 

Мен сүйгөн төрт мезгил

Кышты сүйөм ап-апакай карыны,

Жайды сүйөм жайлообуздун таңыны.

Күздү жазды кантип сүйбөй калайын?

Сүйөм сүйөм төрт мезгилдин баарыны.

 

Жазды сүйөм жыпар жыттуу гүлзарын,

Күздү сүйөм эгин данын жыйганын.

Кышты жайды кантип сүйбөй каламын?

Сүйөм сүйөм төрт мезгилдин баарын.

 

Камаров Токтобек Токурович

Мургаб району Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.