Токтобек Камаров: "Кайрылып оролгондо мекениме"

Акыркы баарлашуу

 

Атам чыкты араң басып деңселип,

Атоо дедим жаш балача эркелеп.

Жараткандан сурап жаттым жалбарып,

Оорусунан эрте айыгып кетсе деп.

 

Кучакка бекем кыса амандаштым,

Сураштым ал акыбалын саламдаштым.

Көргөзбөй сүртүп алдым жеңим менен,

Сагынычтан куйулган көзүм жашын.

 

Олтурбапмын да бир мүнөт жанында,

Атакебай сенин көзүн барында.

Кайдан билем ажал жетип келерин,

Кечир ата кулунуңа тарынба.

 

Кечир ата уулуңдун катаасын,

Алалбадым көзүң барда батаасын.

Кыйкырсамда бүт ааламды жаңыртып ,

Сен укбайсың тынч уйкуда жатасың.

 

Сураймын атакеме бейишинен,

Бейиштин мөмөсүнөн жемишинен.

Жалбарып сурайм сизден Жаратуучум,

Атама Жаннатыңдан беришиңден...

Кайрылып оролгондо мекениме

 

Мен кайрылып оролгондо мекенге,

Жүрөк чочуп селт этип согуп алды.

Кубанып кучакташып көрүшөрдө,

Кайгырган журтум мени тосуп алды.

 

Оо кулунум сабырдуу бол дегенсип,

Мен сагынган тоолор турду муңайып.

Аккан дайра көңүл айтып келгенсийт,

Кулак тунуп көзүм көрбөйт тунарып.

 

Айыл турат ээн калган там турат,

Атакем жок там ичинен чаң чыгат.

Сагынычым сапырылып көккө учуп,

Жүрөк ыйлайт дабасы жок жанчылат.

 

Айлам канча атакемден айрылдым ,

Көз жаш төктүм жүрөк сыздап кайгырдым.

Тынч бол журтум сен уулуңа жөлөк бол,

Күчтүү болуу өмүрүгө кайрылдым

 

Мургаб району

Токтомуш айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.