Тахмина Абдилрашидова: "Барбайм эми..." (ырлар жыйнагы)

Сүйдүм деп кыйкырамын

Сүйүүдөн жөтөл жугуп күрсүлдөдүм,

Тыңшап кой жүрөктөгү түрсүлдөгүм.

Жакаңа тийип калган ооз боёктой,

Жүзүңө далай ирет сүртүлөмүн.

 

Тамырга мүрөк суусун жүргүзөмүн,

Деңизде чабак болуп бир сүзөмүн.

Эсимден такыр чыкпайт унутулбайт,

Бакчаңдан кучак толо гүл үзгөнүм.

 

Жаныңда четтей албай ээрчип жүрөм,

Жаштыктын тунук суусун кечип жүрөм.

Жылдыздуу карегиңден сүрдөп кээде,

Баарысын туюп сезип жүрөгүмдөн.

 

Ышкыдан кесел жугуп чыйрыгамын,

Алпештеп көз өткөнчө сый кыламын.

Чечилип ырларыма сырдаш болуп,

Уккула мен сүйдүм деп кыйкырамын.

 

Ырлар менен өсүүдө

Тентек шамал өпчү жүзүм аймала,

Боз торгоюм муңдуу ыйлап сайраба.

Бой таштайын чөксөм деле кайылмын,

Түбү терең ыр көлкүгөн дайрага.

 

Ызгаар шамал колдорумду тилип кет,

Кучагыма миң оролуп кирип кет.

Калчылдатып үшүтсөң да макулмун,

Кармашканча жазып алам бир китеп.

 

Кычыраган аяз болуп тоңдургун.

Көөдөнүмө кум сапырып толтургун.

Өжөрлөнгөн мүнөзүңө баш ийбей,

Өзөк жарган ырым жазып олтурдум.

 

Ачууланып ырдын шамын өчүрбө,

Журт котортуп бөлөк жерге көчүрбө.

Жан жаныбар, бак дарактар баарысы.

Ырлар менен азыктанып өсүүдө.

 

Жалгыздыктын тар жолуна салбачы

Күндөгүдөй бүгүн дагы жалгызмын,

Туткунумун ой деген бир арсыздын.

Ыйлайын деп араң турат көздөрүм,

Кубатым жок мен анткени алсызмын.

 

Мейли ыйла мейли төгүл ылдый ак,

Мезгил келип көңүл муңу тыйылат.

Мыктап койгом жүрөгүмө бир гана,

Сага деген менде сезим ыйык ат.

 

Какыраган чөлмүн балким куураган,

Зыяндуу чөп түп тамырым уулаган.

Жалгыздыктын тар жолуна салбачы,

Жарык күнүм мен өзүңдөн суранам.

 

Ай кучактап бараткандай

Акмаладым көпкө чейин айланчыктап,

Турган элең мени тиктеп ай кучактап.

Эки жүрөк сүйүү даамын сезбегенде,

Өзөк жарып ушул ырым кайдан чыкмак.

 

Айдан көрдүм аппак жүздүү келбетиңди,

Ашык болуп миң толгонуп жетпедимби?

Сулуулугуң суктантып топ жылдызды,

Жыйнап алгын дегенсийт берметиңди.

 

Айдан чыктың суктандырып ак маралдай,

Суусап турдум таңдай катып чаңкагандай.

Өмүрлөшүм даңгыр жолдо жыгылбастан,

Ай кучактап ай кучактап бараткандай.

Барбайм эми

Кыялымда бакыттын чоң үйүн куруп,

Жүрсөмда, бүт ойумду сага буруп,

Көңүлүң бурбагансың мен тарапка,

Кезинде келбегенсиң жакын туруп.

 

Мен дагы барбайм эми сагынсамда,

Махабаттын азабына малынсамда.

Колум сунуп, сага кадам таштабаймын,

Тайгак жолдо тайгаланып, чалынсамда

 

Тагдырга башымды ийип, багынсамда,

Арманымды тумар кылып тагынсамда,

Мен эптеп күн өткөрүп жашай берем,

Калп жылмайып, бирөөгө жагынсамда.

 

Кайрылбаймын, келчи деп жалынсаң да,

Мен сени сагынгандай, сагынсаң да.

Мен эми сезимимдин чебин бузуп,

Барбаймын, тирүүлүктөн алынсам да.

 

Акылымды сезим менен утпай калдым,

Өзүңдү бакытым деп тутпай калдым.

Эми кеч, кайрылба, кайрыл дебе,

Сени деген жүрөгүмдү укпай калдым.

 

Жаш кезде, билим алдым, бийиктедим.

"Бүлөө күт" деп айтышса кийин дедим

Ийгиликти багындырып, катар-катар,

Туу туткан максаттарым бийик дедим.

 

Улуу максат жолунда жүргөн кезде,

Аракетим жыйынтыгын берген кезде,

Мен сүйүүгө кезигип, артка кеттим,

Ийгиликтер мага жакын турган кезде

 

Мен ал кезде акылсыз, жаш болупмун

Алга тартса, козголбос таш болупмун

Сүйүү үчүн, четке сүрүп ийгиликти,

Эх, ошондо.., махабатка мас болупмун

 

Өз өзүмдү баарынан сыр катканым

Каталыкпы, болдуго муң татканым

Ийгиликтен кечкениме өкүнбөймго

Өкүндүрөт сүйүүмдөн баш тартканым

 

Жүрөгүмдө жаңыланып жарааттарым

Барактадым өтмүшүмдүн барактарын

Жакыным деп сүйүүмдөн кечип койуп,

Ызаалантат жалгыс басып баратканым.

 

Таптым ырларымды

Буулугуп көз жашымды төкпөй турдум,

Тагдырым чөгөлөтсө чөкпөй турдум.

Мойнума канча түйшүк түшсө деле,

Ак жолдон буйтап ары өтпөй турдум.

 

Көңүлдү көп ооруткан жанды көрдүм,

Жашоодо жокту анан барды көрдүм.

Күнүмдүн тынч өткөнү бейкуттук деп,

Кол жайып кош алакан өпкүлөдүм.

 

Жүрөктү титиреткен сөздөр уктум,

Түшкөнмүн тереңине чоң кудуктун.

Кир жукпай көөдөнүмдө тазалык бар,

Анткени агын суудай туптунукмун.

 

Өткөрдүм өйдө ылдый жылдарымды,

Бапестейм жаштыгымды жыргалымды.

Жаралган мени менен бул жашоого,

Тагдырдан таптым бүгүн ырларымды

 

Мургаб району

Токтомуш айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.