Тагдыр, тарых жана чындык

Илгери Чоң- Алай өрөөнүндөгү Кыпчак, Найман, Тейит уруулары орус аскерлери келишет экен, мал жанды тартып алып өзүбүздү кулакка тартат экен деп Сарыколдун көздөй көчүп, жолдо көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, акыры ошол жакка барышкан экен .Ал жакта орустун тергөө сурагынан кийин , көпчүлүгү эркиндик алып ошол жерди мекендеп жашап калышкан экен. Ушул үркүн көчтө, кыргыздар көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөзүптүр.

 

Кең Чоң - Алай өрөөнү,

Жылгада малы семирип.

Токтусу тоодо торолуп,

Ат чабым жерден көрүнүп.

Кызыл суу аккан сай менен,

Чамынып жээкте көбүрүп.

Ошондой бейкапар күндүн биринде,

Тынч жаткан элде сөз чыкты.

Аралап орус келет дейт,

Байлардын малын алат дейт.

Чаарчык өңдүү сары жүз ,

Чакчелекей салат дейт.

Үй мүлкүн элдин талайт дейт,

Бейкапар жаткан эл журтка,

Олчойгон салык салат дейт.

Имиш имиш ушак көп ,

Эл журт кымгуут дүрбөлөң.

Дейт ,дейти көп сөздөрдүн,

Канчасы жалган канча чын.

Сактасын кудай тозгонду,

Жарымы журттун козголду.

Сактасын кудай азганды,

Казанын артып качканды.

Дүү - дүү түшүп дүрбөлөң,

Кыргызга кыйын иш болду.

Улоого жүгүн жүктөдү,

Керегесин бүктөдү.

Артынып жүгүн жүктөдү,

Баштыгын байлап бүктөдү.

Каапыр орус келет деп,

Качып кыргыз жашынып.

Жөнөдү тиктей үркөрдү,

Үркөр жылдыз үлүңдөйт.

Калдайган көчтүн түрүн көр,

Чолпон жылдыз үлүңдөйт.

Чочуган элдин түрүн көр,

Чыйыр салып көч узап.

Тизилген саптын жолу узак,

Боокенин түзүн түгөтүп,

Көчкөндөр жакындап калды кызыл арт.

Кызыл - Арт кыйын бел экен,

Кызыл кум аккан сел экен.

Жээлитип туяк кыртышын,

Мазесин малдын кетирди.

Кыйналып жүрүп карайлап,

Кыйлада ашкан узун көч.

Доорлор болгон бороондуу,

Тагдырлар буйруп азап жол.

Канчалар калган ой кырда,

Жабышкан шордон арылбай.

Жай алып жатпай түзөңгө,

Маркан - Суу көздөй түшөөрдө.

Жазылган экен маңдайга,

Азаптуу күндү көрөөргө.

Бороондуу шамал жыгытып,

Кубатты ичтен курутуп.

Тик маңдай келген жазмыш бу,

Кылычын сууруп эрөөлгө.

Орустан качкан кыргыздын,

Ойлогону канчалык.

Кара -Көлдөн өткөндө,

Ой чукурлуу бул жерде.

Орустун үйү бар экен,

Оромдой таштан тизилген,

Олчойгон аскер кана экен.

Муз - Көлдүн жээги жар үстү ,

Көзү көк солдат сары жүз.

Кол булгай көчтү токтоткон,

Тизмеге алып баардыгын,

Качканын камап соттоткон.

Орустан качкан кыргыздар,

Кайра оруска келген кайрылып.

Көрсө олпок тумак бул каапыр,

Отуз жыл мурда келиптир.

Ордунан үркүп катыгүн,

Көбү малынан калды айрылып.

Сарыколдо кыргыз байырлап,

Жашайт экен кылымдап.

Кээ бирлер качып Ооганга,

Белдерде канча кырылган.

Сарыколдо кыргыз байырлап,

Жашап келген кылымдап.

Кытайга качкан кээ бири ,

Коктуда ок жеп кырылган.

Бул жактагы кыргыздар ,

Көбү Чоң -Алайдан келишкен.

Орустан үркүп шордуу күн,

Илгери аталар көрбөгөндү көрүшкөн.

Кызыл -Арттын белинде ,

Үйүлгөн дөбө мүрзө бар.

Аттиң ай канча өмүрлөр,

Жаш кеткен жигит мырзалар.

Муз -Көлдүн тегерегинде,

Ар жерде дөбө мүрзө бар.

Кыйылган мында канча жан,

Кыз келин жигит,мырзалар.

Үңүлүп тарых карасак,

Үйүлгөн көп - көп шейит бар.

Үмүтү жандан үзүлүп,

Жок болгон жолдо кайып жан.

Түгөнбөй кыргыз түтөгөн,

Эркиндик күндүн күсөгөн.

Баспаган жери калбаган,

Эркиндик күндү самаган.

Канчасын атып орустар,

Илгери канчасын кыйнап камаган.

Репрессия убагында,

Кыйылган кырчын канча жан.

Кайрылып кылым тогошуп,

Үзүлбөй учу уланган.

Кырылбай кыргыз көбөйүп,

Чыйырын салган кыраңга.

Тагдырлар узак айдаган,

Көбөйсүн кыргыз кайрадан.

Жазмыштар алыс айдаган,

Жаралсын кыргыз кайрадан.

Төрөлсүн кыргыз ар - саат,

Көрүнсүн кыргыз ааламдан.

 

Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.