Таалайбек Сайназаров: "Жамгыр ыры"

Таалайбек Сайназаров: "Жамгыр ыры"

Жамгырдан соң дүйнө жаңы жер жаңы

Жаныргансып калат аалам бүт баары

Жамгырдан соң жамгырга окшоп шатырап

Куюлушат акындардын ырлары

 

Жамгырдан соң жердин жыты буркурап

Жамгырдан соң гүлдөр өсөт кулпунат

Жамгырдан соң көтөрүлүп көңүлүм

Жазгым келет жаңы-жаңы ыр курап

 

Жамгыр жамгыр жаай бергин себелеп

Жамгырдан соң бүткүл дүйнө керемет

Жамгырдан соң эргүү келип жаңыдан

Маанай жаркып кубанычка бөлөнөт

 

Жамгыр жамгыр жаай бергин сабалап

Бүткүл аалам сени менен тазарат

Арамдыкты кайгы капа оорууну

Ач көздүктү жууп кеткин тазалап

 

Тып-тып тамат үнүнө окшоп балканын

Тырс-тырс чертет терезенин алкагын

Жамгыр турса баарын жууп тазалап

Кереги жок эч бир ''GALA, ''ALFA,.нын

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.