Таалай Сайназаров: "Кусалык" (ырлар жыйнагы)

Күндө эсте бир күн менен чектебе

Гүлдөр жайнап каптаганда жерди көк

Кубанышып мына жаз да келди деп

Ушул күнү апалардын майрамын

Биз эле эмес дүйнө жатты белгилеп

 

Эстеп жаттым балалыктын ак таңын

Эстеп жаттым өткөн күндү бүт баарын

Таңда туруп апам өөп бетимден

Мага калың жуурканды жапканын

 

Ошол сонун жаш өмүрдү эстедим

Баргым келди балалыкты дегдедим

Апаларды куттуктайлы ар күнү

Келбейт менин бир күн менен чектегим

 

Анткени алар күндө бизди сагынат

Анткени алар күндө бизге жалынат

Бүт өмүрүн бала үчүн арналган

Бир күнүбүз болбос бекен азыраак

 

Ошондуктан бир күн менен чектебе

Күндө эсте, бир жылда бир эстебе

Ойлонбостон бүгүн чалып куттукта

Эртең чалам, бүгүн болду кеч дебе!

 

Кусалык

Кара-Көл түшкө кирдиң бүгүн неге?

Бул эмне кусаланган сезим беле

Унутпай жүрөгүмдө дайым сактап

Сагынып жүргөн болчуум өзүм деле

 

Баралбай жүрөм анык себептер көп

Керемет көрүнүшүң элестеп көп

Сагынсам ырлар жазгым келип кетет

Көөдөндү жарып чыгып, көкүрөк тээп

 

Бүгүн да түшкө кирдиң биле албадым

Көчөңдө көпкө басып жүрө албадым

Алыста жүрсөм дагы мени менен

Элесиң кошо жашап жүрөт дайым

 

Сагыныч жүрөктү эзип ойгоо жаттым

Сенде өткөн балалыгым ойлоп жаттым

Сырдашып жыбыраган толкун менен

Жээгинди келет кээде бойлоп баскым

 

Арга жок мен тагдырга башымды ийем

Тагдыр бул,,буйрук"аны жакшы билем

Кара-Көл сени эч качан унутпаймын

Баарыдан мен өзүңдү артык сүйөм!

 

Жалгыз кийик

Ак жылга сонун жайлоо тоосу бийик

Жанашып бир-бирине турат тийип

Жылгадан жылгага өтүп аяр басып

Шашылып келе жатты жалгыз кийик

 

Сактанып туш-тарабын аяр карап

Элеңдеп добуш чыкса токтой калат

Ак мөңгү, сырдуу тоонун арасында

Адашып үйүрүн издеп жалгыз барат

 

Кеч кирсе тоо боорунда калат түнөп

Сак жатат шоокум чыкса кулак түрөт

Шамалга ыргалса да чөптүн башы

Селт эте тездеп согот чиркин жүрөк

 

Моюнун созуп жерге кетет уктап

Шырп этсе кайра ойгонуп калат тыңшап

Тоо койнун ээлеп алган жымжырттыкты

Бузгансып агып жатты суу шылдырап

 

Караңгы узун түндө таңды күтөт

Акырын кепшеп жатат кээде үргүлөп

Салкын жел жылга өйдө секин согуп

Аңгыча тоо койнунда таң да сүрөт

 

Кайрадан үйүрүн издеп калат жөнөп

Көрүнгөн ар караанга көңүл бөлөт

Кайберен баскан чыйыр жолдор менен

Баратат кээде ылдый, кээде өйдөлөп

 

Аралап кокту-колот белес ашып

Сактанып таштан ташты аяр басып

Үйүрүн табам деген үмүт менен

Ал жалгыз келе жатты дале шашып

 

Апталап канча-канча тоону кезди

Аралап жылгаларды сууну кечти

Белеске жакындашып калган кезде

Капыстан кайберендин жытын сезди

 

Жакындап калганыны сезди жүрөк

Тиктеди,аркы өйүздө үйүрү жүрөт

Бир токтоп, башын чулгуп алды дагы

Жөнөдү ашуудагы карды жиреп

 

Топ аркар аны карап турду тосуп

Кээ бири элеңдешип турду коркуп

Адашып кайда жүрдүң? деген өңдүү

Таңыркап жыттап жатты моюн созуп

 

Жайылган үйүрү менен кошо оттоп

Жай басып бара жатты кээде токтоп

Чоң аркар эң алдыда жолду баштап

Кылчайып артын карап коёт жоктоп

 

Жаштыкка кайрылуу

Узун түн.Уктай албай ойгоо жаттым

Балалык эске түшүп ойлоп жаттым

Биз анда мотурайган бала элек

Ошол кез эске түшүп ойго баттым

 

Мектепте бирге окуп бирге жүрдүк

Бир басып көчө бойлоп ойноп-күлдүк

Чурулдап кыздар-балдар бирге барып

Байырлап көл жээгини бойлоп жүрдүк

 

Кечинде көчө бойлоп бастык нечен

Бактылуу ошол мезгил сонун экен

Кайрылып баргым келди балалыкка

Чогулуп илгеркидей силер менен

 

Анда да шаңдуу эле биздин мектеп

Классты,парталарды турдум эстеп

Жалынып мен сурандым балалыктан

Жалбарып көз ирмемге келип кет деп

 

Ушундай таттуу ойлор жетеледи

Эстесем жүрөгүмдү эзе берди

Жаштыкка баргым келди бир кайрылып

Ал мага кылчайбады кете берди

 

Токтобой кете берди жалындырып

Балалык алыс кетти сагындырып

Көз салсам өтүп жаткан өмүрүмө

Калыпмын элүү жашты багындырып

 

Жайлоо кечи

Жайлоо кечи. көктө жылдыз жымыңдап

Тээ арыда булак үнү шырылдап

Тоо-таш,талаа баары жатат уйкуда

Кээде иттин үргөн үнү угулат

 

Көк шиберди сыдырым жел аймалап

Көктү кезип ак булуттар жай барат

Бузуп кээде ошол түнкү тынчтыкты

Короо жакта эчки онтоп, кой маарап

 

Кандай сонун жайлоодогу кеч эле

Эстегенде козголтуруп делебе

Күшүлдөгөн үнү бузуп тынчтыкты

Уй-топоздун кепшегени желеде

 

Салкын аба, жайлоо кечи,ай жарык

Эрте туруп кеч жатса да эс алып

Жуурканды калың жабып үстүмө

Апам кетчү таңда саанга бет алып

 

Атам туруп намаздан соң эртелеп

Жемин берчү,,ак жал"атын жетелеп

А биз болсо дасторкондо чурулдап

Каймак менен казан нанын жечү элек

 

Жайлоо кечи көздөн өттү чубуруп

Мени өзүнө чакыргандай туюлуп

Жайлоо кечи кандай тып-тынч керемет

Тээ алыстан дайра үнү угулуп

Жайлоо кечи кандай кооз сулуулук


Кара- Көлгө суктануу

Бул жашоодо көп жерди араладым

Көп жер көрдүм, көбүнө баралбадым

Кооздугуна суктанып турсам дагы


Кара-Көл сендей жерди табалбадым

Уч-кыйырсыз токойлуу жерди көрдүм

Ашуусу көк мелжиген белди көрдүм

Кооздугу суктандырган жер көрсөм да


Кара-Көл сендей кооз жер көрбөдүм

Деңизи чалкып жаткан жерди көрдүм

Карагай арча өскөн төрдү көрдүм

Кооздугу көз жоосуну алса дагы


Баарынан сен сулуусуң Кара Көлүм

Кооздугуң мактай берсе сөз жетпеген

Ак мөңгү тоолоруң бар көк тиреген

Баардыгы арзуу кылып суктанышкан


Көлүм бар көзгө сүйкүм мелмилдеген

Таштарың,топурагың мага ыйык

Көркөмүн көргөн сайын жүрөк жылып

Кара-Көл сен бейишке барабарсың

Ар дайым эңсетесиң сагындырып


Кара-Көл айылы

Мургаб району

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.