Таалай Сайназаров: "Кара-Көлүм"

Кара-Көлүм

 

Кара-Көл туулган айылым

Унутбай жүрөм сени эстеп

Тоо-кырын, жылга, тоолорун

Али да көзгө элестеп

 

Сеземин сен да күтөсүн

Сагынып бир күн келет деп

Аралай басып жылганы

Адырдын гүлүн терет деп

 

Ар күнү сага барсам дейм

Баралбай жүрөм себеп көп

Ырларды жазам ар дайым

Өзүңө болсун белек деп

 

Шарп эткен толкун добушу

Кулакта турат угулуп

Мөңгүдөн ээрип сууларың

Жылгадан ылдый куюлуп

 

Дарыя болуп мөңкүгөн

Чамынып ташка урунуп

Сай менен агат ташкындап

Кара-Көл көздөй бурулуп

 

Ажарын эстеп сагынып

Кетемин кээде буулугуп

Басканда бутка чалынып

Туланын жашыл шиберин

 

Шандантып жанды эргитет

Туулган жер ыссык илебиң

Ар дайым кайрат бересиң

Ата-журт алтын тирегим

 

Өзүң деп жашайм өзгөчө

Өзүң деп согот жүрөгүм

Өзүңө дайым арналат

Алкышым, ырым күүлөрүм

Бейиштин төрү өңдөнгөн

Асылы сенсиң дүйнөнүн

Эч качан эстен кетбеди

Салкын-төр, айлуу түндөрүн

 

Койнуңда калды өзгөчө

Бактылуу жаштык күндөрүм

Белеске чыксан бастырып

Шамалың бетти аймалап

 

Аскага тийбей асманда

Ак булут сызып жай барат

Коркомун көздү талдырып

Койгондой кудум саймалап

 

Төрүңдө, жылга, секиңде

Түркүн гүл өсүп жайкалат

Чокуга чыгып тиктесең

Көрүнөт баардык чар тарап

 

Уларың бузуп тынчтыкты

Укмуштай сайрап жар салат

Керемет Кара-Көл дагы

Тынч турбай толкуп чайпалат

 

Жараткан берген сулуулук

Өзүңдө гана байкалат

Кара-Көл менин сыймыгым

Мен өзүң менен мактанам

 

Өзүңдө туулуп өскөнгө

Бактылуу сезем даңктанам

Балалык кезде мойтоңдоп

Мектепте окуп баштагам

 

Өзүңдө өсүп жетилип

Турмуштун жолун аттагам

Өзүңө болгон карзымды

Эми ыр менен гана аткарам

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.