Таалай Сайназаров: ,,КАЙРАН ЭЛ"

,,КАЙРАН ЭЛ"

 

,,Кайран-эл" деп ат коюп

чоң казалды баштадым

айтып берем баардыгын

угуп тургун шашбагын

түшүп кетти баардыгы

аркасына акчанын

дүйнө, акча деп жүрүп

ак аралап чачтарын

оборотко коем деп

сатты үйүн,бак-шагын

кымбат баа деп апкелип

сатты тоонун таштарын

кайыл болуп баарына

жүрсө дагы ач карын

акча кууп темселеп

шаарга кетти жаштарың

базарларда олтуруп

буюм сатты "кайран эл"

кытай,түрктүн товарын

түрүн сатты "кайран эл"

көп байлыка батам деп

үйүн сатты "кайран эл"

кой эчкини кыркышып

жүнүн сатты "кайран эл"

алып келип адырдын

гүлүн сатты "кайран эл"

эртенкиге калтырбай

бүгүн сатты "кайран эл"

таможняда томсоруп

карып болду "кайран эл"

тамак жебей, нан жебей

арык болду "кайран эл"

акча, акча деп жүрүп

сарык болду "кайран эл"

заманага бузук деп

айып койду "кайран эл"

кыйналса да унчукбас

балык болду "кайран эл"

кулдук уруп чондорду

мактап жүрөт "кайран эл"

арыз арманын айтышып

какшап жүрөт "кайран эл"

алсыздыктан көзүнү

жаштап жүрөт "кайран эл"

боорун ыссык-суукка

кактап жүрөт "кайран эл"

валютанын курсуну

жаттап жүрөт "кайран эл"

дүнүйөнүн эсебин

тактап жүрөт "кайран эл"

тагдырдын оор-кыйышын

көтөрөсүн "кайран эл"

суук тийип өпкөңө

жөтөлөсуң "кайран эл"

ал ансайын токтобой

көшөрөсүң "кайран эл"

бактылуулук кайда деп

акыл-эси айран эл

турмуш менен күнүмдүк

убарасың "кайран эл"

эрдин тиштеп көшөрүп

кубарасың "кайран эл"

ачка-токко көзүңдү

жумаласың "кайран эл"

бир күн жетсең максатка

кубанасың "кайран эл"

урпактардын алкышын

угаласың" кайран эл"

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.