Таалай Сайназаров: "Биз жүргөн мезгил" (ыр саптар)

Биз жүргөн мезгил

Биз жүргөн кезде башка эле

Билемин аны жакшы эле

Ал кезде деле көл толкуп

Сай-сайда суулар акчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

СССР доору жакшы эле

Чабандар топоз кой айдап

Совхоздун малын бакчу эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Жумушка баары шашчы эле

Сакманчы болуп бүт айыл

Төл алып козу бакчу эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Союз доор сүргөн жакшы эле

Коммунист болуп канчасы

Кайкалап араң басчу эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Комсомол деле жакшы эле

Совхоздо иштеп баардыгы

Жумушка баары шашчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Пионер деген жакшы эле

Ак көйнөк кийип кыз балдар

Кыпкызыл жагоо такчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Муз тоңсо чана атчы эле

Мектептен келип жаш балдар

Оюнга баары шашчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Октябрят болчу жаш неме

Айыл ичине шаң толуп

Ал мезгил кыйла жакшы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Жүргөнбүз иштеп жакшы эле

Терскенге эч ким барчу эмес

Тонналап көмүр жакчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Кыр-кырда толо малчы эле

Машина тынбай каттатып

Алынан кабар алчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Дизелде свет жакчы эле

Билбестен көйгөй дегенди

Жүрүппүз жашап жакшы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Ал кезде жашоо жакшы эле

Көп бала төрөп апалар

Төшүнө медаль такчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Билемин аны жакшы эле

Күжүрмөн эмгек сиңирип

Төшүнө орден такчы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Ашарга баары шашчы эле

Бир-бирин жөлөп кубаттап

Жардамын берчу жакшы эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Кайберен бийик ташта эле

Ар үйдө мерген бар эле

Аркарды тандап атчуу эле

 

Биз жүргөн мезгил башка эле

Ал мезгил кыйла жакшы эле

Аксакал бийлеп айылды

Аталар акыл айтчы эле

 

Сагындым ошол күндөрдү

Сагындым айлуу түндөрдү

Сагындым Кара-Көлчүлөр

Чогулуп ойноп-күлгөндү

 

Барам деп бир күн айланып

Көңүлдү коём жайгарып

Карантин бүтсө иншаллах

Барамын сөзсүз шайланып

 

Эрте келген сүйүү

Олтурам көл жээгинде кыялданып,ойго батып

Ал кезде жүрчү элек бирге басып, катарлашып

Барчубуз кол кармашып жетелешип

Жүрчүбүз жылаңаяк көлдү кечип

Балалык кеткен экен бизди таштап

Токтобой толкундарга аралашып

 

Жүрчүбүз эч капарсыз кумда,басып көңүл ачып

Көл жээктеп ойноп жүрдүк суу чачышып, кубалашып

Шамалга саамай чачың сапырылып

Жоолугуң желбиретип алып учуп

Бактылуу ал күндөрүм эске түшсө

Өзүңдү эстей берем кусаланып

 

Ал кезде мен сезбедим өмүрүмдүн өзгөрүшүн

Сокконун тыңшабапмын жүрөгүмдүн, сүйүү күчүн

Мен анда бул сезимди түшүнбөпмүн

Сен деле аны кайдан түшүнмөксүң

Жаш кезди бирге жүрүп өткөрсөк да

Билбедик ак сүйүүнүн түзүлүшүн

 

Ак сүйүү бизге мынча эрте келдиң, кеч сезипмин

А бирок балалыктан эстеликсиң, эске түштүң

Азыр мен баратамын башка жолдо

Сен дагы баратасың башка жолдо

Бактылуу болоор белек биз экөөбүз

Сүйүүнү сезбей калдык эмне үчүн

 

Таалай Сайназаров

Мургаб району

Кара-Көл айылы


Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.