Таалай Сайназаров: "Биз кечээ жана бүгүн" (ыр саптар)

Биз кечээ жана бүгүн

Биз кечээ туулганбыз бир энеден

бир карында тебишип

бир эмчекти эмишип

бир дасторкон четинде

бир казандан жеп-ичип

 

Биз кечээ

бирге окууга ашыгып

бирге оюнга шашылып

тентектенип үй ичин

үч көтөрүп сапырып

 

Биз кечээ бир бөлмөгө батчуу элек

бир төшөктө жатчуу элек

бирге барып мектепке

бирге кайра кайтчуу элек

 

Биз кечээ

бирге күлүп каткырып

үйдүн ичин шат кылып

мойтоңдошуп бирге ойноп

чыбык минип ат кылып

 

Биз кечээ

бирге ойноп чурулдап

бирге күлүп ыр ырдап

Ата-энени кубантып

көрсөтчү элек сый-урмат

 

Биз бүгүн

бир төшөктө жатпайбыз

бир бөлмөгө батпайбыз

бирге олтуруп тамактын

бирге даамын татпайбыз

 

Биз бүгүн

мурункудай чырдашпай

күлүп жайнап жыргашпай

ар каякта жүрөбүз

илгеркидей бир баспай

 

Биз бүгүн

калдык кыйла токтолуп

баё сезим жок болуп

тыйып калдык тим эле

жүргөндөрдү шоктонуп

 

Биз бүгүн

чоң турмушка ыктадык

бала жытын жыттадык

үй бүлөлүү болгонбуз

жашообузга кут тамып

 

Биз бүгүн

түйшүк менен ар дайым

түздөп турмуш жагдайын

Ата-энени кадырын

билдик окшойт кандайын

 

Бир тууганбыз бала-кыз

бирге болчу санаабыз

жылдан жылга алыстап

бараткансыйт арабыз

 

Бул сөз эмес калетсиз

бул иш эмес адепсиз

турмуш куруп баарыбыз

жашоо менен алекпиз

 

Бир тууганбыз баарыбыз

үйдө турмуш жарыбыз

эркелетип небере

жетелеген чагыбыз

 

Болсок дагы үй бүлөөлүү

ынтымактуу жүрөлү

биз тынчтыкта ар дайым

бейпил өмүр сүрөлү

 

Сары-Кол

Сары-Кол аппак мөңгү, муз, карлуу жер

Сары-Кол кышы суук ызгаарлуу жер

Жайы салкын кой, топоз, кайберенге

Төрт жагы төп келишкен ыңгайлуу жер

 

Сары-Кол тоолор менен курчалган жер

Сары-Кол бүркүт шаңшып үн салган жер

Сары-Кол дүйнөдө алгач таңды тосуп

Биринчи күн шооласы нур чалган жер

 

Сары-Кол кенен жайлоо, төрү бар жер

Сары-Кол булак, дайра, көлү бар жер

Башынан ак калпагын түшүрбөгөн

Сары-Кол улуу Кыргыз эли бар жер

 

Сары-Кол сырлары көп катылган жер

Сары-Кол кен-байлыгын жашырган жер

Сары-Кол эң берешен жана жоомарт

Сары-Кол берекеси чачылган жер

 

Сары-Кол бийик тоолуу гүл өскөн жер

Сары-Кол ак булутту түнөткөн жер

Кылымдар бою турган ак мөңгүсүн

Таң эрте эң биринчи күн өпкөн жер

 

Сары-Кол орун алган күн чыгыштан

Үн салып улар тоодон, бүркүт учкан

Байырлап көл, дайрасын түркүн куштар

Каз-өрдөк кый-куу салып үркүп учкан

 

Сары-Кол муз каптаган аска-зоонун

Сары-Кол мекенисиң бийик тоонун

Памир - деп атап келет дүйнө эли

Сары-Кол түгөйүсүң Ала-Тоонун

 

Сары-Кол баскан жолуң татаал кыйын

Сары-Кол тарыхың бар сансыз кылым

Дүйнөнүн чокусунан орун алган

Сары-Кол сага арналат ушул ырым

Турмуш оюну

Турмуштун татаал жолун басып келем

Кээде ылдый кээде белес ашып келем

Кээ бирде мен кубанып күлүп жүрөм

Кээ бирде өксүп ыйлап жашып келем

 

Турмуштун бурганагын беттеп келем

Адашып кээде жолдон четтеп келем

Басалбай калам кээде мүдүрүлөм

Кээ бирде шыдыр басып тездеп келем

 

Кээ бирде капаланып кайгырамын

Кээ бирде жакшы күндөн айрыламын

Кээ бирде телегейим тегиз болуп

Кээ күнгө тик карабай айбыгамын

 

Кээ бирде ташыркаймын таштак жолдо

Келемин сылтый басып аксап зорго

Кээ бирде чарчап калам чаалыгамын

Чабылган аргымактай алыс жолго

 

Кээ бирде көңүл куунак шаттуу жүрөм

Кээ бирде жайдарымын ойноп-күлөм

Билбестен кайгы-капа дегенди эч

Бакыттын деңизинде чалкып жүрөм

 

Кээ күнү сүйүнөмүн, кубанамын

Кээ күнү бозоромун, кубарамын

Маңдайга жазганына шүгүр-дебей

Тагдырга каршы барам, убарамын

 

Турмуштун эпкинине бет келемин

Турмуштун оюнунда экчелемин

Кээ бирде тайманбаймын,эр жүрөкмүн

Кээ бирде чочулаймын, сестенемин

 

Кээ бирде тагдыр тайгак,татаал болот

Кээ бирде тагдыр каардуу, катаал болот

Кээ бирде турмуш жеңил ойдогудай

Кээ бирде кыйынчылык алат тороп

 

Тагдырдын жазмышына көнүп келем

Кубанам кээде жашым төгүп келем

Тагдырга каршы барбайм колдон келбейт

Маңдайга жазганыны көрүп келем

 

Кээ бирде таштак жолдо баратсам да

Кээ бирде түз жол таппай адашсам да

Баарына макул болуп жашап жүрөм

Ар убак шүгүр кылып жаратканга

 

Элүү жаш

50 жаш-кайдан келдиң мынча шашып?

50 жаш -кайсы кырды келдиң ашып?

Сен минтип келгениңди байкабапмын

Калса да кара чачты бубак басып

 

50 жаш -кайдан келдиң желдей желип?

50 жаш -калбадыңбы эрте келип?

Шаштырып келээриңди билбептирмин

Жүрсөм да неберемди эркелетип

 

50 жаш -жаштыгымды берчи кайра?

Аны сен жашырдыңбы алыс жайга?

Мына эми эшигимди кагып келдиң

Балалык баё сезим калды кайда?

 

50 жаш -балалыктан кеттиңби айрып?

50 жаш -жаштыгымды берчи кайрып?

Бактылуу күндөрүмдү артка сүрүп

Артынып жетип келдиң дүйнө-байлык

 

50 жаш -карылыкка багындырып

Жаштыкты алып кетпе сагындырып?

Жаштыктын бир мүнөтүн кайталабай

Токтобой кетесинби жалындырып?

 

50 жаш -токтой турчу көңүл буруп?

Жаштыкты алып кетпе колдон жулуп?

Бир азга токтоп турбай шашыласың

Алгандай сени бирөө арттан кууп

 

Жаштыкка тоё электе моокум канып

50 жаш -кайдан келдиң шоокум салып

Алдыда 60 жаш -турат күтүп

Жолума жарык берип шоола чачып

 

Андан соң 70 жаш -турат күйүп

Жолугат аксакалдын кейпин кийип

Ал кезде неберемди койсом үйлөп

Буйруса чөбөрөмдү калам сүйүп

 

80 жаш -келген кезде күйүп-жанып

Сенделип басып калам кыйла каарып

50 жаш -сени ошондо жүрөм эстеп

Калганда күч-кубатым кыйла азайып

 

90 до томпойгон чал болуп калып

тойлорго келе берем өзүм барып

жолумдан тосуп чыгат кыбырам-деп

той-аштан түйүп келем кешик алып

 

Кыйын го ашып өтүү 90 жаштан

коркомун 100 жаш сенден чынымды айтсам

100 жашка жеткени бар жетпеген бар

100 жаш-бул узаак өмүр кылым баскан...


Мургаб району

Кара-Көл айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.