Таалай Сайназаров: "Агайды эскерүү" (ыр саптар)

taalai-sainazarov-agaidy-esker 2

Агайды эскерүү

Адамга өмүр Аллахтан келет чектелип

А бирок өлүм ар дайым турат сес берип

Арадан алып Агайды кетти шум ажал

“Аттиң”- деп ыйлап артында калдык эскерип

 

Жаш муунга Агай өмүрүн толук арнады

Мектепте жүрдү башка эч кайда барбады

Кайгырып жоктоп Агайды турган эскерип

Айылда баары Агайдын кыздар, балдары

 

Өлүмдү эстеп жүрөгүм кетет сайышып

Өзүңдү эстеп кабыргам турат кайышып

Кантебиз эми ажалга айла жок экен

Кайгырдым угуп көзүмдөн жашым агызып

 

Акыркы дарек барабыз бир күн баарыбыз

“Кош болуң Агай жаннатта болсун жайыңыз!

Пайгамбар менен кошуна болуп иншаллах

“Фирдаус”- деген өрөөндөн орун табыңыз!

 

Акылга кат

Көргөндө көл жээгинде таштарыңды

Мен эстеп кеттим чиркин жаш чагымды

Тургансыйт сагынганда келбейсиң деп

Түнөрүп булут каптап асманыңды

 

Бараармын тынчтык болсо мен кайрылып

Бир азга албууттанбай турчу тынып

Жээгиңе барып бир күн сырдашаармын

Керемет ажарыңды карап туруп

 

Кара-Көл туулган жерсиң мага ыйык

Тиктеймин сүрөтүңдү медер кылып

”Келип кет''- деп жүрөктү эзе бербе

Ансыз да сагыныч көөп, көңүл сынык

 

Жээгинде балалыгым калып кеткен

Кара-Көл түбөлүккө чыкпайт эстен

Сырдашып толкун менен көл жээгине

Барып тур мен жогумду билдирбестен

 

Түшүнөт көл жээгине барган адам

Сырдашса толкун менен шарпылдаган

Көтөрүп көңүлүңдү черди жазат

Шамалы чачтан сылап аймалаган

 

Көңүлүң чөксө барып сырдашып тур

Жашырбай ичиңдеги сырды ачып тур

Көз салып жыбыраган толкундарга

Көркөмдүү көл жөнүндө ыр жазып тур

Сагыныч

Сагындым Кара Көлдү чалкып жаткан

Сагындым ак таңыңды ар бир аткан

Сагындым сенде өткөн күндөрүмдү

Кызарып чокуларга барып баткан

 

Сагындым тоолоруңду ак кар жаткан

Сагындым төрлөрүңдү аркар баскан

Сагындым сууларыңды жылгалардан

Чамынып ташка урунуп агып жаткан

 

Сагындым кыялдарды жүргөн басып

Сагындым белестерди жүргөн ашып

Торолуп мен койнуңда чоңойгонмун

Ат чаап жаш кезимде мылтык атып

 

Сагындым аска-тооңду кар жамынган

Сагындым жайлооңду кой жайылган

Сагындым жылдыз толо асманыңды

Сагындым жайлоо кечин түн жамынган

 

Сагындым боз үйдөгү таңды аткан

Сагындым казандагы нанды жапкан

Сагынып сенде өткөн өмүрүмдү

Саламым жөнөтөмүн алыс жактан

 

Таалай Сайназаров

Кара-Көл айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.