Таалай Сайназаров: "Аалымдар жанган жылдыз" (ыр саптар)

aalymdar-zhangan-zhyldyz 1

 

Аалымдар жанган жылдыз

Аалымдын бул дүйнөгө жаралганы

Ааламга жарык нурдун таралганы

,, аалымдар пайгамбарга мураскор"-деп

далилдейт хадистеги кабар дагы

 

Аалымдын бул дүйнөдөн өткөндүгү

асманда жарык жылдыз өчкөндүгү

,, аалымдар өтсө орду бош калат"-деп

пайгамбар кабар берип кеткен муну

 

Аалымдын бул дүйнөнү таштаганы

Ааламды кара булут каптаганы

аз жашап өтсөң дагы бул дүйнөдөн

таанытып кеттиң бизге ак-караны

 

жоготуп койдук эми асыл затты

тайманбай айта алган акыйкатты

өзүңдөй жан дүйнөгө азык берип

ким айтат сага окшоп насыйкатты?

 

кайгыртып кабырганы кайыштырып

каректен көз жаштарды агыздырып

жан үрөп динге кызмат кылып жүрдүң

сезгендей кетеериңди анык билип

 

ойлоду,,кырк бешинде өтөт"-деп ким

кыргыздын маңдайына сыйбай кеттиң

арада канча аалым болсо дагы

өзүңдүн орунуңду баспайт эч ким

 

Кош Ажы!!! жайлуу болсун жаткан жериң!

бааланат,,дин үчүн"-деп төккөн териң

көрсөтүп кеттиң бизге талыкпастан

пайгамбар САВдын баскан жолун.

 

aalymdar-zhangan-zhyldyz 2

Атама

Тиктешиң мээрим төгүп жүрөк козгоп

сүйлөсөң сөздөрүңдү күлкү коштоп

жайдары жүрчү элең шайыр дайым

жогуңа үйрөнө албай жүрөм боздоп

 

өзүң жок мүрзөң турат боз топурак

кучактап жыгыламын боздоп-ыйлап

кудайдан тилеп сизге дуа кылып

арга жок кайра кайтып келем сыздап

 

оорууңа эч бир дабаа таба албадым

акчага өмүр сатып ала албадым

жетелеп небереңди жүрсөң болмок

өмүрдө ошол болду бар арманым

 

акыры ооруу сени алып кетти

уул-кызың боздоп ыйлап калып кетти

ажалдан арачалап кала албадым

кылсам да канча-канча аракетти

 

Атаке жаткан жериң жаннат болсун!

Атаке акыретиң абаат болсун!

өзүңдү пайгамбарым шафаат кылып

кабырың жарык болуп нурга толсун!

 

2-августь 1997-жыл

 

Сыймыгым сенсиң Кара-Көл

Айтылып жүрөт сөздөр эл ичинде

Сары Кол дүнүйөнүн ,,капкагы"-деп

ак булут арааң өткөн арасынан

Кара Көл аска-зооң асман тиреп

мөңгүсү күн нуруна чагылышып

Кара Көл тоолоруң бар ак кары көп

аскаңда бүркүт шаңшып бийик учкан

кайберен эчки-теке, аркары көп

байырлап тоо койнуну жүрөт дайым

аралап жылгаларды ак кар жиреп

 

көркөмдүү Кара Көлдүн ажарыны

түркүн куш учуп-конгон кооздоп турат

толкундун шырп-шырп эткен добушуну

мукамдуу куштар үнү коштоп турат

термелип толкундардын ыргагына

өрдөк каз жел кайыкка окшоп сызат

ак чардак кайкып учуп канат күүлөп

көлүмдү көк деңизге окшоштурат

бейкапар куштар сүзүп ойносун деп

көл дагы көп толкубай токтоп турат

 

жайында кым-куут болгон куштар үнүн

Кара Көл тыншагансыйт кулак түрүп

күзүндө толкун ойноп көл үстүндө

тынчыбайт албууттанып шамал жүрүп

кышында ызгаар,суук кар жамынып

айлана аппак кымкап тонун кийип

жазында кайра жээгиң көрккө келип

күн нуру күлүмсүрөп жылуу тийип

Кара Көл сулуулугуң суктандырып

жашайсың төрт мезгилдин доорун сүрүп

 

жазды күз, күздү кышка алмаштырып

өтсө да айлар,жылдар нечендеген

кой, топоз чарба менен алектенип

илгертен ата-бабам мекендеген

кол жээктеп кой төлдөтүп эрте жазда

,, жайлоого күн жылыса кетем"-деген

топозун,коюн айдап жөнөп калчу

көч баштап жылгада кар кетээр менен

боз үйүн тиксе жайлоо көрккө келип

самаган конушуна жетээр менен

 

Кара Көл көзгө сүйкүм көрүнөсүң

курчалган ак мөңгүлүү тоолор менен

Кара Көл жылгаларың көрккө келет

жайылган короо-короо койлор менен

төрлөрүң,кокту-колот, жылгаларың

ыңгайлуу мал багууга жайлоо кенен

көркөмүң эч нерсеге алмаштыргыс

,, эң кымбат сенсиң"-деген ойго келем

Кара Көл мен өзүңдү чексиз сүйөм

мактанып сыймыктанам өзүң менен.

 

Келгиле достор

Бактылуу балалык кез эсиндеби?

ак чөөлмөк ойногон кез кечиндеси?

суранам бир чогулуп ошол күндү

эскерип олтуралы

сырдашып ой куралы

келгилечи?

 

биз бирге окуган кез мектептеги

ал мезгил эсимден эч чыкпайт деги

азыр да көз алдымдан кетпей койду

бир басып бирге жүргөн

жаштыкты бирге сүргөн

көлдүн жээги

 

мектепти бүтүргөн кез эсиндеби?

сырдашып бир баскан кез кечиндеги

жаштыкта кадырыңа жете албасам

албачы жаман ойго

таарынып капа болбо

кечир мени

 

алдыда түрлүү тагдыр, түрлүү жолдор

ар кимде ар кыл максат,ар кыл ойлор

жүрөбүз чогула албай мурункудай

сагындым мен силерди

топтошуп келгилечи

курбу-достор.

 

Таалай Сайназаров

Мургаб району Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.