Төрөгелди уулу Абдыкадыр: "Сарыколчу кыргызым"

Сарыколчу кыргызым

Kөn кылымды тарых кылып карыткан,

Кас душманды бир жолотпой арыткан.

Сарыколдо ата-бабам кыргыз болуп,

Салтты сактап бизге чейии жол салган.

 

Тоолордун сулуулугу - гүлдөрдүн кызыл, агы,

Кыргыздын сулуулугу - башындагы ак калпагы.

Кыргыздын ар дайым кийип келген,

Ак калпагын биз дагы унутпайлы.

 

Баатырлары алкыш алган кыргыз элден,

Кыргызым канча жоону жеңип келген.

Биз дагы уланталы урпактарын,

Дастан кылып Сарыколдун тарыхын.

 

Эне тилин сүйүп келген кыргызым,

Өтүп жатат башка тилге тымызын.

Эли, жерин сүйүп келген кыргызым,

Ичпей кетти эл-жеринин кымызын.

 

Ар дайым гүлдөп келген кыргызым,

Дагы дагы гүлдөй берсин көп кылым.

Ынтымактуу жашап келген кыргызым,

Жеңе берсин душмандардын кыйынын

Мекеним

Туулган жерим алтын бешигим,

Айланам сенден Сарыкол жерим.

Кыргыз жерим, мекеним менин,

Ар дайым бар бол кыргыз злим.

 

Аскасы бийик асман тиреп жаңырган,

Аркар, кулжа тоолорунда жайнаган.

Тоолору шаңдуу, уларлары сайраган,

Сарыкол жери кооз гүлдөй жайнаган.

 

Тоолору кооз, ар жандыктар жашаган

Түркүм добуш тоолорунан жаңырган.

Кышта кетип, жазда келген,

Куштары бар өз мекенин сагынган.

 

Ак калпактай аскадагы ак мөңгүдөн,

Агып турган суулары бар мөлтүрөгөн.

Шылдырап таштан-ташка урулган үн,

Кулагыма комуз күүңдөй сезилген.

 

Мекеним менин Сарыкол жерим,

Сагынам сенин шиберлүү жериң.

Күнөстүү жерим мекеним менин,

Күндө эле сагынам шиберлүү жериң.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.