Суусар Токтоматова: "Жолобосун жамандык"

Суусар Токтоматова: "Жолобосун жамандык"

Жолобосун жамандык

 

Сары-Колума жолобосун жамандык,

Алыс жактан тилеп турам амандык.

Анда жашайт аруу, таза пенделер,

Аларда жок араан ачкан сараңдык.

 

Күлкү коштоп, күрдөөлдү жашоосун,

Балдар өссүн эне чечип тушоосун.

Аалам менен кучакташкан мекеним,

Аскалардан ажайып бир гүл өнсүн.

 

Аман болгун алыстагы калың журт,

Куттуу элсиң уюп турсун ошол кут.

Ар бириңе арзуу аппак тилегим,

Ак жалгасын Сары-Колумду түгөл бүт!

 

Суусар Токтоматова

Бишкек шаары

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.