Өскөнбай Бердибаев: “Ыйык жериме ыр саптар...”

Өскөнбай Бердибаев: “Ыйык жериме ыр саптар...”

Ыйык жерим сага кайттым кайрылып

Каарыганда ден соолуктан айрылып

Тилегеним туулган жерде өлсөм дейм

Ата конуш топурагын жамынып

Туулган жерим билбептирмин баркыңды

Ар кай жерде иштеп жүрдүм өттү күн

Бир кыпындай иш кылдымбы айтчы өзүң

Мен уялам оо туулган жер сен үчүн...

 

 

 

 

                           -//-

Түшүмдөө бийик тоолор арасында

Кайберен мекендеген далдасында

Алыкул турган экен ойлуу тартып

Эмне бар биле албадым санаасында

Сарыколдо бул акын эмне жүрөт

Түшүмдө кыйналамын күлүмсүрөйт

Кыйкырамын кол жансап акынга мен

Эмнеге акын Алыкул мени көрбөйт

Ыр булагын көзүн таап алган го

Куржунуна толтура ыр салган го

Бул дүйнөнүн ат көтөргүс жүгүнөн

Ушул жерде бир жеңилдеп алган го...

                           -//-

Сарколум ыйык жерсиң кызырдын изи калган

Жылгаңдан күмүш булак сызылып ийип турган

Өзгөчө жаралгансың өзгөлөр билбей турган

Сыйкырлуу керемет күч өзүңө жашынганбы

Тоолоруң арасынан меер чөп чачылганбы

Өлбөстүн мүрөк суусу койнуна катылганбы

Тоолорум түбөлүктүү солк этпей турасыңар

Сүйүүнү, жек көрүүнү, жаштыкты, карылыкты, арманды

сезимдерди, өткөргөн өмүрлөрдү койнуңа каткан сымал...

                                      -//-

Акбайталдын ашуусун ашып келдим сулуу кыз

Бир өзүңө барам деп шашып келдим сулуу кыз

Кызыл арттын ашуусун ашып келдим сулуу кыз

Бир өзүңдү көрөм деп шашып келдим сулуу кыз

Алай жактан алаңдап качып келдим сулуу кыз

Уй булактан токтобой сага келдим сулуу кыз

Кызыл тазыл нерселер ала келдим сулуу кыз

Кызыл арттан токтобой сага келдим сулуу кыз

Кызыгыштуу нерселер ала келдим сулуу кыз

Мургап жакка сүйүүмдү ала келдим сулуу кыз

Жүрөгүмдү бир сага арнап келдим сулуу кыз...

                                  -//-

Алдын жакта канча ашуу бар

Ким билет алар мага өтө бийик сезилет

Аша албайм го күчүм жетпейт санааркайм

Билбейм неге мага ошондой сезилет

Аша албасам алым кетип чалыгып

Ара жолдо кайсыл жерде каламын

Мен самаган бийиктике жете албай

Арданамын кантип кайра барамын

Андай эмес кыйналсам да ашамын

Ата бабам ашып келген ашуулар

Өзүмө өзүм кайрат берип шык берип

Мындан дагы бийиктикке басамын...

                             -//-

Сарыколчу көчмөн кыргыз экенбиз

Жайлоо кыштоо көчүп жүрө беребиз

Журт которуп көчүп жүрүү биздеги

Ата салтын улап көчө беребиз

Малга жайыт азайган да жайлоодо

Күздөө жакка көчүп жөнөп калабыз

Суук түшүп булак тоңо баштаса

Топоздорго тонгон аяз жабышып

Кыш келатат кылыч сууруп жакындап

Сапырылып кыштоо жакка шашабыз

Каныбызда көчмөндүк бар чынында

Мал жандык да көчмөндүккө көнүшкөн

Ай айланып бир жылда төрт көчөбүз

Сарыколчум биз чыныгы көчмөнбүз...

 

Алай району

Сары-Могол айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.