Өскөнбай Бердибаев: “Ыңырчак уруусу”

Өскөнбай Бердибаев: “Ыңырчак уруусу”

Ыңырчак уруусу

Ынтымак жашап жылгада

Илгери өткөн жылдарда

Ыңырчак деген бир уруу

Жашоосун улап турганда

Кудайдан болуп кудурет

Көздөрү көрүп ишенбейт

Асмандан жаап короого

Аппак койлор түшкөн дейт

Ыңырчак деген улуу журт

Түндүгүнөн кут түшкөн

Кудайым сүйгөн журт экен

Короого койлор жуп түшкөн

Мекендеген Сарколду

Ынырчак улуу эл экен

Телегейи тең экен

Тегереги кең экен

Энеси эстүү, кызы асыл

Жигити көк жал шер экен

Ак өргөсүн делбири сүзүлбөсүн

Ыңырчактын тукуму үзүлбөсүн

Кудай сүйгөн журт экен бар болушсун

Жакшыларга жанашып жар болушсун

Уул кызы бапырап көбөйүшсүн

Ыңырчактар эгизден төрөлүшсүн...


Сары-Могол айылы



Абдижамил Примбердиев

www.sar-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.