Өскөнбай Бердибаев: "Тарых" (ыр саптар)

Өскөнбай Бердибаев: "Тарых" (ыр саптар)

Тарых

Тарыхта калды көп күндөр,

Кыр ашты кыйла мезгилдер.

Союз кыйрап жоголуп

Ата - энелер кейисе,

Биз да саанада бир аз чоңойдук.

Ага- Хан келди Мургапка,

Нур конду деп Нургапка.

Жумурай журт кубанды,

Балалык баё сезимдер,

Бакыттын даамы сезилген.

Балалык аруу дил менен,

Бапырап биз да кубандык.

Элестер калган сакталып,

Карекке бекем чапталып.

Чыйыр жол басып чыйралдык,

Ошондо көп издер калды тапталып.

Түз талаада аэропорт ,

Ак- өргөөлөр тигилген

Суу- суудан келген күлүктөр,

Катар - катар тизилген.

Чиедей мен да жаш бала,

Атамды ээрчип барганмын .

Ак калпактуу аталар,

Ошондо мага,

Жомоктой болуп көрүнгөн.

Асманды тиктейм өйдөлөп,

Айланып учат вертолет.

Булутту тиктейм өйдөлөп,

Бурулуп конду вертолет.

Ага- Хан өңү таза экен,

Акактай тунук зат экен.

Алыстан көрүп караанын,

Назарым түштү баламын.

Улак тартыш ат чапмай,

Күлүктөр сызат күйүкпөй.

Сарыколдун сындуу жылкысы,

Дамыкпай чуркайт кийиктей.

Ошол Ага-Хан келген жылдары,

Балалык күндүн жыргалы .

Ойноо кез экен өмүрдө,

Кызыгы жанган кырдагы.

Атам да атка кызык жан,

Ат чапканга кызыкдар .

Аэропорттун түзүндө,

Агахан келер күзүндө .

Дөмөрдөн көп-көп чөп чапты,

Дөңсөөдө атты көп чапты .

Белестен көп-көп чөп чапты,

Белсенип атты көп чапты.

Оромо жаап сууктан,

Атам атты аябай сууткан.

Агахандын майрамы

Аэропорттун талаасын,

Атам алты жолу айланды.

Белини бекем байлады,

Майрамга күчтүү шайланды.

Соорунду чоң-чоң байге алды,

Бир эмес эки үч кайра алды.

Намыстуу нарктуу киши эле,

Көңүлү толуп жайланды.

Манжалары билектей

Алаканы күрөктөй,

Баатыр мүнөз киши эле.

Байге алып ат чаап,

Атамдын көңүлү шат болду.

Ошондо Ага-Хан келген кут келген,

Алыстан келген мейманды

Тособуз деп түрүлүп,

Ак-Калпактуу Сарыколчум

Жумурай журт бүт келген.

Сарыкол элим меймандос,

Конок келсе кой сойгон.

Ат мингизип тай сойгон,

Эзелтен элдин салты бар.

Эч өзгөрбөс наркы бар,

Кадырлуу журттун баркы бар .

Салт тааныган башы бар,

Сыйга сунар ашы бар .

Кумайга чапса күйүкпөс,

Дөңсөөгө чапса дамыкпас,

Чыныгы кыргыз аты бар.

Ат сыйлаган салты бар.

Ага-Хан келген жылдары,

Ат чаап атам байге алган.

Айтунук

Ырымдын аты Айтунук ,

Түбөлүк калсын айтылып.

Шашылбай кулак салыңыз,

Көңүлдү бир аз жай кылып .

Сарыкол менен Алайдан ,

Сулуулар өткөн далай жан.

Кара - Көл менен Алайдан ,

Селкилер чыккан далай жан.

Кашкардын кымбат шурусу,

Айтунук кыздын сулуусу.

Асылзат каухар турушу ,

Аркардай баскан жүрүшү .

Айтунук деп атадым,

Сарыколдо сулуу келин кыз.

Журтташ болсун уулуңуз ,

Жуучу түшүп келиниз .

Сарыколдо кыздар Айтунук ,

Илгертен калган айтылып.

Алсаңыз келин биз жактан ,

Кант кошуп берет чай кылып .

Пышарттын узак жылгасы ,

Паанада очок тулгасы.

Айтунук болор жарашык,

Жанашып турса сырдашы .

Сарездин көлү мелтирейт,

Айтунук сулуу мөлтүрөйт.

Айланып учса ак- куулар ,

Таажысы көккө желбирейт.

Элимден асыл төп чыккан ,

Жеримден сулуу көп чыккан.

Мамыры бетте буркурап,

Ак- Ташты жарып чөп чыккан .

Булбулдай куштар сайрачу,

Сарыколдун агат дайрасы .

Айтунукка жете албай ,

Айланып алыс бара албай

Жигиттин кетер айласы .

Ак - Зоонун бийик тоолору,

Агарып турат зоолору.

Күмүштөн төөнөч кадаган ,

Күзгүгө жүзүн караган .

Алтындан төөнөч кадаган,

Айнектен жүзүн караган .

Сарыколдон чыккан сулуулар ,

Чебер болот колдору.

Керилип басат тоолорду ,

Кештелеп согот боолорду.

Ойлонуп басат тоолорду ,

Оймолоп согот боолорду.

Чачыкка гүлдөн түр салат ,

Кийизге сабап жүн салат .

Жоолукка гүлдөн өң салат ,

Таарга терип түр салат .

Чеш- Төбө суусу кайнаган,

Чекенди кырда жайнаган.

Ылысуу булак кайнаган ,

Ышкыны бетте жайнаган.

Аркарлар качат бурумдан,

Айтунук тоодо сулуулар.

Кулажалар качат бурумдан ,

Күлмүңдөйт тоодо сулуулар .

Сарыколдук келин кыздарды ,

Айтунук деп атадым .

Аскалуу тоодо кызыл гүл,

Кызыгын көргүн кызылдын.

Шиберлуу секи жашыл бүр,

Жашоонун көргүн кызыгын.

Алтындан аттын жүгөнү,

Айтунук айдын түгөйү .

Ак күмүш аттын жүгөнү ,

Айтунук күндүн түгөйү .

Кара көз сулуу карагат ,

Ак-Суунун суусу шар агат.

Айтунук жандар ай өңдүү,

Алыскы бизде жаралат.

Кара көз сулуу карагат,

Мургаптын суусу шар агат .

Ак - Байтал ашкан бийикте ,

Ал жандар бизде жаралат .

Бийиктеп жылдыз сересин,

Бир жактан жыргал сезесиң.

Бир жолу келсең айланып ,

Айтунук кызды көрөсүң .

Бийиктеп күндүн сересин ,

Биз жактан эргүү сезесиң .

Бир келип кетсең айланып ,

Айтунук кызды көрөсүң.

Айланып келсең айылга,

Айтунук кызды көрөсүң.

Бир келип кетсең биз жакка ,

Күн жүздүү кызды көрөсүң!!!

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.