Өскөнбай Бердибаев: “Т.Шаимкуловдун жаркын элесине ...”

Өскөнбай Бердибаев: “Т.Шаимкуловдун жаркын элесине ...”

Көөнө-Коргондон чыккан мыкты инсан

Турганбай Шаимкуловдун жаркын элесине ...

 

Гажаары токуп ат минген

Кыялап басып сап билген

Кыдырып баскан көп жерди

Каада сактап нарк билген

Жөө жүрсө атты сыйлаган

Кыраакы болгон кыйладан

Камчысын илген ээрге

Алдында аты жеерде

Көпчүлүккө баш болгон

Тараза баскан таш болгон

Бечарага бел болгон

Баардык элге тең болгон

Турганбай келет гүрүлдөп

Машинеси дүрүлдөп

Төртөөгө атын бактырган

Чабарманын чаптырган

Суу суудан элди чакырган

Чоң аш берип той кылган

Пышартта кырк үй тиктирген

Күлүктөрдү чаптырган

Молдодон тумар кат алган

Кудайым колдоп жүрсүн деп

Турсунгожого бата алган

Ак ташты карай бастырган

Кулчакты көздөй чаптырган

Алыстан келген мейманга

Эки күн улак тарттырган

Катар тизип үй тиккен

Чоң тамаша аш берген

Турганбай деген эр болгон

Экинин бири шер болгон

Атына жапкан шырдакты

Көөнө-Коргон элине кылган кызматты

Төөсүгө жапкан шырдакты

Тегеректеп жүргөнгө

Шу киши кылган кызматты

Пышартта мерген жандаган

Өңүттө билип аңдаган

Айдама койуп теке аткан

Элине этин тараткан

Азыркын билбейт андайды

Тентиреп жүрсөк кайактан

Уста Жангир баш болгон

Булар мергенчиликке маш болгон

Эмгеги өткөн элине

Кадыры жеткен жерине

Унутуп калсак улууну уят эмей эмине

Бир аз айттым эскерип

Жаштарга болсун эстелик

Турганбай десе ким ал деп

Айталбай калба кептелип

Жайы болсун жаннаттан

Бейишин берсин жараткан

Гүл жыттанып турсунчу

Ар дайым Пышарт тараптан

Түбөлүк турсун нур чачып

Тийген күн Аксуу тараптан

 

Ө.Бердибаев

Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.