Өскөнбай Бердибаев: "Сарыкол санжырасы"

Өскөнбай Бердибаев: "Сарыкол санжырасы"

Сарыкол санжырасы

Кылымдап кыргыз мекендеп,

Кылычын байлап бекем деп.

Кырларда кыргын болгондо,

Кыйкырган эмес кетем деп.

Кылымдап кыргыз нечендеп,

Сарколду турган мекендеп.

Сан душмандар келгенде,

Сабылган эмес кетем деп.

Учугу түптүү калк болгон,

Уңгулуу журтта салт болгон.

Намысты бекем сакташып,

Калдайган калкта нарк болгон.

Хан Жакып мекен кылган жер,

Хан Бабур түнөк курган жер.

Эпосто калган айтылып,

Элиме ыйык туулган жер.

Кызыл Арт Алай кошулуп,

Кызыл суу аккан жошулуп.

Муз-Тоого чейин кыргыздар,

Мекенжай кылган отурук.

Күйгөн -Токой Жыланды,

Кыдырып кыргыз кыраңды.

Түрүлтүп малын жайлатып,

Откоруп турган тулаңды.

Айтышат анда көп жерлер,

Ат басалбас чий болгон.

Тулпары туйлап кыргыздын,

Турумтай көлгө бий болгон.

Керилип жаткан Сарколдо,

Баатырга кылыч чаптырган.

Какырга казык кактырган.

Түрлөнүп өскөн гүлдөргө,

Түзөтүп малын бактырган.

Тааркакты Зоркөлдөр ,

Керилип жаткан чөлкөмдөр.

Сучанга чейин кыргызча ,

Айтылып калган көп сөздөр.

Көкөнбектей миң башы ,

Көптөр чыккан Сарколдон.

Баш көтөртпөй душманга,

Бектер чыккан Сарколдон.

Журт баштаган аш тойдо ,

Топтор чыккан Сарколдо

Күйүп турган жалындай

Чоктор чыккан Сарколдо.

Хаарыктан Опол тоогочо,

Суурулуп чыккан көрөңгөң

Тарыхта таамай жазылып

Сакталып турат жөрөлгөң.

Баабедин мазар кылган жер,

Кошой ,Шыгай,Жедигер,

Баардыгы азар кылган жер.

Ногой менен Көкөтөй ,

Бараандуу базар кылган жер.

Алымбек менен Курманжан

Аздектеген ыйык жер.

Азиздер келип ак бата

Берип кеткен ыйык жер,

Сарколум түптүү санжыраң

Тарыхта атың кезигер

Санаттап айткан сөздөрүм

Санаалаштарга сезилер.

Сыймыгым жерим бар болгун

Мекеним ыйык Сарколум.

 

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.