Өскөнбай Бердибаев: "КЫРК ШЕЙИТ " (ырлар жыйнагы)

КЫРК ШЕЙИТ

Илгери кыргыз элинде,

Алыскы Сарыкол жеринде.

Кара чабыр жылгада,

Казаны калган тулгада.

Кар ээрип аккан сууларда,

Кадимки өткөн жылдарда.

Аксуунун суусун бойлогон,

Адырлуу түздү жойлогон.

Топ басмачы болгон дейт,

Тынч жаткан журтту койбогон,

Булар Кара шаар сепилдүү,

Кашкар жактан келген дейт.

Бусурман эмес бул каапыр,

Калмак тектүү элден дейт,

Капарсыз жаткан эл журтту,

Булар карактап жандан безген дейт.

Не күндү жаман ойноптур,

Нээтин жаман ойлоптур.

Аксуунун суусун ылдыйлап,

Булуңга келип тойлоптур.

Айбанча апчып кепшептир,

Артынып келип эт жептир.

Ач калган аюу окшошуп,

Аянбай басып көп жептир.

Суу бойунда калыптыр,

Сугарып атты кагыптыр.

Көшөрүп уктап жатсалар,

Көгөөн келип чагыптыр.

Көгөргөн гөштү жептирлер,

Көгөөндү караң дептирлер.

Көкөөрдөн жутуң дептирлер,

Көгөөндү тутуң дептирлер.

Идишин сууга чайкаптыр,

Илгиртпей ишти байкаптыр.

Каракчынын кыраасы,

Жар салып жаман айтбапптир.

Ошол жар түбүндө булуңдан,

Жылга өрлөй айыл бар.

Жамандык көзүң көрбөсүн,

Айылда чебер айым бар.

Көгөөнгө саптап көк учук,

Учурган ушул айымдар.

Канатту көгөөн качканбы,

Көшөрүп кырсык басканбы.

Көк учук көгөөн конгонбу,

Каранкүн кырсык болгонбу.

Ак учук көгөөн конгонбу,

Аттиң ай кырсык болгонбу.

Атайлап издеп баргансып,

Арман күн ажалга себеп болгонбу.

Суу ылдый жөнөп баскандар,

Кудайдан жөө качкандар.

Бөрүдөй улуп үргөндөр,

Каргышка калып жүргөндөр.

Канжыга боосун түргөндөр,

Кан ичип басып жүргөндөр.

Көгөөндүн келген жагыны,

Көлөкө түшө басыптыр.

Күлүнү көккө чачыптыр,

Көлөчүн кийип качканды.

Көкүрөк тушка атыптыр,

Колуну канга малыптыр.

Кара өзгөй ишке барыптыр,

Каршылык кылып чапканды.

Кардыны жарып салыптыр,

Көйнөгүн канга сыгыптыр.

Көрүнгөн жанды жыгыптыр,

Тынч жаткан бейпил айылды.

Тып тыйкыл кылып кырыптыр,

Күмүштөн алтын көп экен.

Куржунга шыкап тыгыптыр,

Калтырбай баарын жайлаптыр.

Чогултуп малын айдаптыр,

Суу ылдый түшүп кетиптир.

Сарыгой жакка жетиптир,

Сай ылдый түшүп кетиптир.

Сарез көл жакка жетиптир,

Күз келип суулар соолуптур.

Кудайдан өкүм болуптур,

Кыш келип суулар тоңуптур.

Кудайдан каргыш болуптур,

Эки ай баар өтбөптүр.

Этеги карыш өсбөптүр,

Жаз болуп күнү өтбөптүр.

Жакасы жылбып өсбөптүр,

Эл журтту чапкан канкорлор.

Эгери өсүп өнбөптүр,

Эки тоонун ортосу

Ташта калып кетиптир.

Эки узабай өмүрү,

Жашыда хаарып кетиптир.

Ээн талаа эрме чөл,

Түздө калып, соолуптур,

Эч баспаган кайберен,

Музда калып соолуптур.

Алладан буйрук келиптир,

Алаамат азап бериптир.

Кырк шейит азыр аталып,

Мүрзөлөр калган тапталып.

Тагдыры ошол жазмыштын,

Көгөөнгө калган чапталып.

Жазылбай калган тарыхка,

Айтылып калган сакталып.

Ак ирим көлдөн аргымак,

Арыштап чыкса токуйбу.

Аксууга кетип жатканда,

Атайлап Куран окуйлу.

Шар аккан сууда аргымак,

Таскактап өтсө токуйбу.

Шаймакка кетип жатканда,

Шашылбай Куран окуйлу.

Кырк шейитке багыштап,

Кайрылып дуа окуйлу.

Өткөндөрдү эскерип

Намазда дуа окуйлу.

 

БАДАХШАН ТОО

Алай тоодон уланып аска курап,

Бадахшан тоо мөлтүр тамчы күмүш булак.

Кызгылт тарткан кызыл күн кырга батып,

Шыбак жыттуу шамалы зоодон урат.

 

Бадахшан тоо асыл зумрат таштары бар,

Бадахшан тоо илбирс кулжа аркары бар.

Байыртадан мекендеген улуу кыргыз,

Бадахшан тоо асман чоку ак кары бар.

 

Бадахшан тоо бабалардын баскан изи,

Бадахшан тоо сөөлөттүү кыргыз жүзү.

Чылк алтынга чыланган чырымтал кум,

Чыйыр салган кайберен сүрөтчүсү.

 

Көл жээгинде

Көл толкуса жүрөк кошо толкуган,

Кол чалкыса сезимдерим чалкыган.

Толкун келип жарга урунуп кайтканда,

Арасында көбүктөнүн жанчылам.

 

Көл карарса мен да кетем түнөрүп,

Кайра көлдөн калам өзүм сүрдөнүп.

Көлгө окшотом кыялдарым өзүмчө,

Күнгө карап өңүм турат түрлөнүп.

 

Көл эмесмин көлдөй терең эмесмин,

Мен өзүмдү көлдөй тунук дебесмин.

Кыялдарым көлгө сүзүп жашаган,

Көл жээгинде көпкө турган элесмин.

 

Тагдыр

Тагдыр мени кайда агызып барасың,

Алып бүттүң жан дүйнөмдүн мазасын.

Таштуу жолдо жылаң аяк бастырып,

Бороон болуп этек жеңим ачасың.

 

Тагдыр мени кайда агызып барасың,

Кирген суудай албуутанып шашасың.

Касың бардай кара ташка карс уруп,

Ийлеп, кайра кумдуу чөлгө саласың.

 

Тагдыр мени кылыч менен чабасың,

Тозуп кетсем кумдан издеп табасың.

Балким тагдыр чырак болуп колума ,

Туңгуюктан өзүң алып чыгарасың.

 

Өмүр

Өмүр арман ,өзөк жалгайт кусалык,

Өтөт күндөр өксүйм өзүм тушалып.

Көргөн күнүм мезгилдерге күзөтчү,

Мөөнөтү бар кайра батар кызарып.

 

Өмүр саат өткөн чактан куралып,

Чык -чык урат, жебелери буралып.

Жылып жөнөйм изим калып чыйырда,

Жыл айларым артта калып чубалып.

 

Өмүр арман ,өзөк жалгайт кусалык,

Басар жолум барат улам узарып.

Бар үмүттүн үлүңдөгөн шооласы,

Башкасы бүт туман чулгап мунарык.

 

Салкыным

Миң жылдан кийин жаралсам

Салкыным сени сүймөкмүн

Миң жолу менден чансаң да

Бир гана сен деп күймөкмүн

 

Жүз жылдан кийин жаралсам

Кайрадан сага бармакмын

Жүз жолу менден тансаң да

Жылдызың болуп жанмакмын

 

Жок болуп кайра жаралсам

Чок болуп өчүп калбаймын

Сан кылым өтүп кетсе да

Сагынам сүйөм танбаймын

 

Акын Салкын Иманбековага арналат

Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук

бирикмесинин мүчөсү

Алай району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.