Өскөнбай Бердибаев: “Кыл чокуда кыргыз ханы” (ырлар жыйнагы)

Кыл чокуда кыргыз ханы

Кыл чокуда кыргыз ханы

Шамал суук, тоо арасы боз үйдө

Жашагансың оор жагдай түйшүктө

Бирок сынбай сынoocyна турмуштун

Эртеңкисин ойлогонсуң кыргыздын

Катаал күндө сөөлөтүнөн жазбаган

Тике карап өз сөзүнөн тайбаган

Орусу да ооганы да баа берген

Урмат кылып кадырлашып сыйлаган

Рахманкул хан кыргызымдын уулу

Рахманкул хан эр Манастын тукуму

Кыл чокуда кыргызымдын кырааны

Too койнунда алыстагы чыгааны

Эл журтуну канаттууга кактырбай

Эрболгонсун келген жоого чаптгырбай

Кыл чокуда акылманы кыргыздын

Кыргыз үчүн айтып бүткүс сыймыксың

Аккан суулар ага берет арыктан

Кыргыз ханы унутулбайг тарыхтан

Ак сарайдан табылбаган асылдан

Бийик тоодо жашап өткөн акылман

 

Түндүк

Билесиңби тууганым түндүк деген эмне,

Түндүк деген кыргызымдын төбөсү.

Түндүк деген тийип турган күн бизге,

Алтын тактын болсо дагы астында.

Түндүк турат бийик сенин төбөңдө,

Түндүк ыйык түндүк ыйык кыргызга,

Нур чачырайт түндүгүндөн жылдызга.

Түндүгүнөн түтүн чыксын түбөлүк,

Түндүк деген кыргыз деген күбөлүк.

Түндүгүнө ай да келет айланып,

Босогоңдо жолборс турат байланып.

Түндүгүнө жылдыз түшөөр айланып,

Босогоңдо жолборс турат айланып.

Түндүк барда кыргыз дайым бар болот,

Түндүк кыргыз бир-бирине жар болот.

Түндүгүндү этият кыл көчкөндө,

Тээп койбо дөөлөт келип көпкөндө.

Түшүп турат кут береке түндүктөн,

Периштелер түндүгүндү өпкөндө.

Түндүгүндөн түтүн чыксын түбөлүк,

Түндүк деген кыргыз деген күбөлүк.

 

Мамыры

Мамыры гүлдөгөн мезгилде

Кайрылып биз жакка келе кет

Суранам шашылба сөзүмдү ук

Мамыры гүлүнөн ала кет

Мамыры гүлдөгөн мезгилде

Мен жакка кайрылып келе кет

Белекке ал гүлдөн берейин

Койнуңа кочуштап сала кет

Мамыры гүлдөгөн мезгилде

Мен сени күтөмүн сагынып

Чабайын атымды тоо жакка

Барайын терүүгө шашылып

Белекке мамыры берейин

Ал гүлдү аздектеп терейин

Өмүрдөн тоолорго үрөөн сээп

Ордуна мамыры терейин

Белекке мамыры берейин

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.