Өскөнбай Бердибаев: “Көөнөрбөс Көөнө-Коргонум”

Өскөнбай Бердибаев: “Көөнөрбөс Көөнө-Коргонум”

Көөнөрбөс Көөнө-Коргонум

 

Бек жолдон жетип бурулсаң

Оюң оңго бөлүнөт

Көөнөрбөс Көөнө-Коргонум

Көз алдыңа көрүнөт

Шиберлүү жардын үстүндө

Айылым турат агарып

Уктасаң түшкө киргенде

Жан дүйнөң калар тазарып

Айылдын ары жагында

Көк шибердин боюнда

Дарыя агат туптунук

Жашыл шибер төшөлгөн

Сары гүл өсөт кулпуруп

Андан ары бет алып

Кызыл белес барасың

Мойнокко чыгып карасаң

Баардыгы тегиз көрүнөт

Тамшанып туруп калаарсың

Кызыл белес ашканда

Мумулай ташка түшөсүң

Кыбыла жагың Муздубоок

Зоо таштын нары жагында

Куу тал ашуу Ак козу

Жалаң жылга шагылда

Кара белес чоң чабыр

Ак буура Бодо тең чабыр

Ничке жылга Кең жылга

Чоокан буура Шор булак

Келин качты Кырк шейит

Баардыгы болот кең чабыр

Бодонун белин ашканда

Куу татырга жетерсин

Тогуз колдуу Сары таш

Дарбаза таш чоң Дөбө

Өйүз бүйүз кең Дөбө

Алдында турат айтылуу

Мал киндиктүү Чештөбө

Чым сеери менен Беш арал

Дайранын бою таш арал

Жарты гүмбөз Нан калды

Көргөндүн баары таң калды

Кайнар булак Ыссык суу

Шыпаа таап келгендер

Айыгып кетип жан калды

Нары жагы Чоң Памыл

Сарыгорум кең Памыл

Андемин Ак калама

Ак шор жана Кара суу

Аралап өткөн таза суу

Айдын көл Зор көл тарыхтуу

Көлдөрдүн баары балыктуу

Кара жылга Ийри суу

Бакир жылга Таш сеери

Кызыл дөң Көк жар көп жери

Кептеш менен Машаалы

Үйүбүз алыс калды окшойт

Эми туугандар артка шашалы

Жазсам жетпес калемим

Кош агыл Пышарт коп жерим

Санагым жетпейт баарына

Казындын калды казылбай

Сеенөстөн калды жазылбай

Көөнө-Коргон кең жерим

Тегерек балгын Аюу көз

Бардыгына тең жерим

Ата журтум эл жерим

Картадан жакшы карасам

Бир мамлекетке тең жерин...

 

Сары-Могол айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.