Өскөнбай Бердибаев: “Эл жашап турган экен кең пейилдүү”

Эл жашап турган экен кең пейилдүү

 

Мезгилдин илгери өткөн жылдарында

Сарколдун кокту колот жылгасында

Эл жашап турган экен кең пейилдүү

Бүркүтү шаңшып учкан асманында

Катар катар тигилген боз үйлөрдө

Короодо кой желеде топоздору

Саратан толуп турган ошол күнү

Миң уксан тажабаган улар үнү

Жайлоонун кереметүү бир күнүндө

Периштеге окшогон көрүнүшү

Ак сакалдуу карыя нурлуу жүзү

Конок болуп келип калат ошол түнү

Бирө сойот конокко аппак коюн

Бирө берет мейманга каймак чайын

Бирө жүрсө сугарып конок атын

Дагы бирө алып келет аппак нанын

Дилинде конок болуп элге ыраазы

Кудайдан бата тилеп айткан экен

                          -//-

Жаратыпсын ушундай ыйык жерди

Нарк насилдүү меймандос ушул элди

Бышбаса да ушул жерге азык дан

Дасторкондо болуп турсун дайым нан

Эч убакта душман колу жетпесин

Жоголбосун эне тили эч качан

Береке элден кетпесин

Жамандык кууп жетпесин

Келини болсун ыймандуу

Уулу болсун абийирдүү

Деп бата тилеп Кудайдан

Ыраазы болуп кеткен дейт

Ак сакалдуу жолоочу

Батасын элге берген дейт

Ошондон ушул күнгөчө

Береке кетпей жеринен

Дөөлөтү кетпей элинен

Назары түшүп Кудайдын

Сарколчум бактылуу жашап келишкен

 

Абдижамил Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.