Өскөнбай Бердибаев: "Арзыхан" "Рахманкул хан"

Арзыхан

 

Айдай сулуу Арзыхан ,

Алтымыш кызга арзыган.

Жибектей сулуу Арзыхан,

Жетимиш кызга арзыган.

Нават кошкон чайдайсың,

Назданып күлүп жайнайсың.

Кант кошулган чайдайсың,

Каткырып күлүп жайнайсың.

Күлүшүң күндүн жаркыны,

Күнөстүү жашыл жайдайсың.

Кош өрүм чачың жибектей,

Келбетиң кооз чүрөктөй.

Басканың жандан өзгөчө,

Көркөмдөп тарткан сүрөттөй.

Кыя- Бел ашуу Кызыларт,

Кылчактайт көптөр кызыгат .

Ак- Байтал ашуу Кызыларт,

Айланып көптөр кызыгат .

Керилип баскан аркарсың,

Күйүтүң жетпей тарткан ким .

Кайкалап баскан аркарсың ,

Кайгыңды жетпей тарткан ким .

Арзыхан аттын кашкасы ,

Арзыбайт сага башкасы.

Жээрде аттын кашкасы ,

Жете албайт сага башкасы .

Телтору аттын кашкасы,

Тең келбейт сага башкасы.

Кашкардан келген ак-көйнөк,

Келбетиңе чак көйнөк .

Кытайдан келген ак-көйнөк,

Көлөмүңө чак көйнөк.

Мойнуңдагы мончоктор,

Анжияндин шурусу.

Айланчыктайт жигиттер,

Кыялы жорго жүрүшү.

Билегиңде мончоктор,

Бухаранын шурусу.

Бурулуп тийтейт боз балдар ,

Кыялы жорго жүрүшү.

Күлүктүн күмүш жүгөнү,

Кишинин сүйөт жүрөгү.

Аргымак аттын жүгөнү,

Адамдын сүйөт жүрөгү.

Көгүчкөн учса бүркүт жок,

Көк асманда түркүк жок.

Кудайым кооз жараткан ,

Келбетиңде кынтык жок.

Ак жакалуу жигиттер ,

Айланып келет жаныңа.

Көк жакалуу жигиттер ,

Көргөнү келет жаныңа.

Каш кагып койсоң серпилип,

Калтырай түшөт билеги.

Катуулап согот жүрөгү,

Койнунда котур ташы бар.

Душман чыкса көрө албас,

Таш капсын жаман тилеги.

Ителги учат аскада,

Ирмелбейт көзү башкага .

Кыраан куш учат аскада,

Бурулбайт көңүл башкага.

Арзыхан алты кайрык санжыра,

Айтылып калсын сап жылдар.

Арзыхан жетимиш кайрык санжыра ,

Жазылып калсын сан жылдар .

Ак чайнекти чайкагын,

Арзыган жанды байкагын.

Көк чайнекти чайкагын,

Көңүлдүү жанды байкагын .

Памил чай ичсең чайпагын,

Пейилиңди бузуп баспагын.

Кара чай ичсең чайпагын,

Кабагын салып баспагын.

Куш канаты карчыга ,

Кишиден сендей аз чыгар.

Сөз санаты санжыра ,

Сулуулар сендей аз чыгат.

Ак тоонун ак желеги,

Арзыхан ааламдын берген белеги .

Көк тоонун көк желеги,

Арзыхан кудайдын берген белеги .

Кыя кырдан сел жүрөт ,

Кызыл кырдан жел жүрөт .

Жер үстүндө ак кара ,

Күн кечирип эл жүрөт .

Күмүштөн кооз оймогуң,

Кештелеп сайган оймолуу.

Сары алтын кооз оймогуң,

Саймалап сайган оймолуу.

Курманын таттуу мөмөсү,

Кудай берген таберик .

Анардын татту ширеси ,

Алла берген таберик.

Акылы тунук айчырай ,

Жарыгы нурлуу шам чырак.

Жараткан берген таберик,

Арзыхан айдын нурусуң.

Аруузат жандын бирисиң,

Кебездей жумшак булутсуң.

Тамчыдай мөлтүр тунуксуң,

Жазылып калган баракка .

Жаз жыттуу көктөм ырымсың,

Деңиздең терең тунуксуң,

Дүйнөдө ырсың сулуусуң.

Арзыхан аттын кашкасы,

Арзыбайт жандын башкасы .

Рахманкул хан

 

Төрт кулактуу казаным,

Төрдө айткан казалым.

Кош кулактуу казаным,

Короодо айткан казалым .

Тоолуу жердин бийиги ,

Топтошуп жүрөт кийиги .

Кош өрүм чылбыр арканы,

Короолоп жүрөт аркары.

Өзөгүндөй тамырдын ,

Өзгөчөсү Памирдин .

Рахманкул-Хан ата мазарыңа жыгылып ,

Дуа кылдым жүгүнүп .

Жалгыз союш алыпарып,

Жаратканга жалбарып ,

Куран окуйм багыштап .

Көп арпанын ичинде ,

Жалгыз буудай өзүңүз .

Көп күлүктүн ичинде ,

Жалгыз буудан өзүңүз .

Көпчүлүктүн ичинде ,

Акылманы өзүңүз .

Оймолуу болгон камчыңыз,

Олуттуу болгон салтыңыз .

Кештелүү болгон камчыңыз ,

Кадырлуу болгон салтыңыз.

Суусардан болгон бөркүңүз,

Сындуу бир келген көркүңүз.

Кундуздан болгон бөркүңүз,

Купуя сырдуу көркүңүз.

Олуттуу болгон ойуңуз ,

Орточо болгон бойуңуз.

Терең болгон ойуңуз,

Тепкедей болгон бойуңуз.

Рахманкул- Хан ата ,

Аскалуу тоонун шумкары,

Ай тийген жердин тулпары .

Күнөстүү тоонун тулпары,

Кийиктүү тоонун шумкары .

Ак кулжанын туругу,

Ак- Чепкендин шырыгы .

Дүйнөдөн нечен хан өткөн ,

Тарыхта хансыз чыныгы.

Аптаптуу ыссык саратан,

Хан боло албайт ар адам .

Бийикте ыссык саратан ,

Бек боло албайт ар адам .

Сунулуп кылыч турганда ,

Тагдырлар жолду бууганда.

Кайратын күчүн жоготпой ,

Хан болуп турган хан атам .

Керегин атка өңөргөн,

Кереге жайып имерген.

Жарагын атка өңөргөн,

Жабуусун жайып имерген.

Төөгө арткан баштыгын,

Топозго арткан аштыгын.

Өгүзгө арткан баштыгын ,

Оогандан алган аштыгын.

Күлүккө арткан баштыгын,

Кабулдан алган аштыгын.

Тапканын тегиз тараткан,

Кыблага төрүн караткан.

Улуу журтка баш кылып ,

Кудайым сизди жараткан.

Кош миздүү күмүш бычагың,

Конокко ачык кучагың.

Меймандос болгон журтуңуз,

Келгенге ачып кучагын.

Булактын мөлтүр тунугу,

Улуунун болуп улугу.

Кырларда кылым өтсө да,

Ханы сиз журттун чыныгы.

Оймолуу күмүш үзөңгү,

Ойлонуп баскан түзөңдү.

Отуруп карап байкаган,

Ойуну билип жүз өңдү.

Он сап ыр жаздып санжыра ,

Капшыра кармап тиземди.

Сарыкол, Памир, Нургабым,

Бек хандар өткөн мурдагы .

Комдонуп турган бүркүттөр,

Табына келип туурдагы.

Желбегей чепкен жамынган ,

Күмүштөн кемер тагынган .

Таруудай болуп тозудук,

Хан ата биз элиң сагынган.

Пиязы чепкен жамынган,

Алтындан кемер тагынган.

Туш-тушка кетип чачылдык,

Хан ата биз журтуң сагынган.

Сүмбөңдүн учу сары эле,

Сөзүңдө таасир бар эле.

Көкөөрүң чети сары эле,

Кебиңде таасир бар эле.

Өзүңдөй болуп акылман,

Журт баштай албайт баары эле.

Түндүктөн түшкөн ай көрктүү ,

Түрүлгөн дайра сай көрктүү.

Короо-короо жылгада ,

Жайылып жүрсө мал көрктүү.

Салмактуу болуп табылгаң,

Салам айткан Кабулдан.

Дөөлөттүү болуп табылгаң,

Дуа айттырган Кабулдан.

Ыйык жердин уулу деп,

Бийик жердин беги деп.

Баатырлардын шери деп,

Акылманы элдин деп.

Коргоочусу жердин деп,

Бүткүл дүйнө тааныган.

Кабулга барса коркпогон,

Кашкарга барса жортбогон.

Мазарлуу жерден кыя өтпөй,

Маани берип токтогон.

Өчүрбөгөн авазын,

Таштабаган намазын .

Салт - санаасын сактаган,

Жолунда ата- бабанын.

Калыс сөзүн кармаган,

Каадасыз жерге барбаган.

Бийикте тоонун бүркүтү,

Хан- ата сиздей барбы адам.

Суу акпай соолуп сай курук,

Кейидик сизден айрылып.

Кылымда сиздей келеби,

Даанышман бизге кайрылып.

Тумандуу тоолор Андемин,

Тагдырлар татаал кантемин.

Шамалдуу тоолор Андемин,

Шартыбыз катаал кантемин.

Мекенди таштап көчпөйбүз,

Мелүүн бул жерден кетпейбиз.

Канча жыл мезгил өтсө да ,

Хан ата сизди эстейбиз.

Шамалдуу жерден көчпөйбүз,

Шаарга алыс кетпейбиз .

Шарият жолун кармаган ,

Хан ата сизди эстейбиз.

Тумандуу тоолор Андемин,

Тагдырлар татаал кантебиз .

Шамалдуу тоолор Андемин ,

Шартыбыз катаал кантебиз.

 

Өскөнбай Бердибаев

Сары Могол айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.