Өскөнбай Бердибаев: "Ак жылгадан ат качты" (ырлар жыйнагы)

Жашап жүрөм

Жер үстүндө жашоо күнүм өткөрүп,

Жашап келем жерден боорум көтөрүп.

Жандүйнөмдүн табышмагын чече албай,

Тагдырда миң өйдө төмөн өкчөлүп.

 

Тапканымды жоготууга шашылып,

Жогум издейм бар кылууга батынып.

Убарамын убакытка уттурган,

Жок дүйнөгө түйшүгүмдү арттырып.

 

Кыял ,үмүт, өзүмдү өзүм сооротуп,

Күлөм ыйлайм мүнөттөрүм жоготуп.

Тизгин тартпай мезгил минген атымды,

Тирүү жүрөм ар бир күнүм коротуп.

 

Чындык, тарых, тагдыр

Жашап жүрөм мүнөттөрүм коротуп.

Илгери кыркынчы жылдын кырында,

Из салып кеткен кылымга.

Айтылуу Сарыкол жеринде,

Айтылып жүрөт элимде.

Чечекти жылга төрүндө,

Чекенди бышкан төрүндө.

Черттирип сайган ыргайды ,

Чекисттер айтпайт мындайды.

Чечектиде көп караан,

Көп жүргөн дейт айланып.

Көп кишини иштетип булар,

Көсөм болгон шайланып.

Күйгүзүп орус шамыны ,

Көрк берип курган тамыны.

Жандырып өкмөт шамыны ,

Жакшылап салган тамыны.

Кестирип ташын тизгендей,

Келтирип курган тамыны.

Жер төлө кылып астыны ,

Жашыруун казган дейт.

Астыртан кылган ишини,

Астейдил орус жазган дейт.

Тегерегин тикен зым,

Тегеретип бурган дейт.

Телеграм кылып бүт ишти,

Москвага урган дейт.

Тегеретип сыртыны, таш дубалдан курган дейт.

Сталинге бүт ишти доклад кылып турган дейт.

Туткунга түшкөн немистер ,

Таш менен дубал урган дейт.

Тасмадай тегиз тамдарды ,

Ушул туткундар келип курган дейт.

Академик аалымдар, уранды издеп казышкан.

Атомдун бөлүп үлгүсүн ,

Формуласын жазышкан.

Атактуу химик физиктер,

Өзөктүк курал жасашкан.

Сестенип калган көп өлкө ,

Бул союзду душман санаштан.

Бекемдеп план аткарып,

Белсенип турган такталып.

Н.К.В.Д.өкүлдөр, Сталиндин даңкталып.

Куралы даяр сынакка, СССР деген ,маркасы ,

Атылаар окко чапталып.

Дүрмөтү оттон тутанып,

Дүрт этип ажал жыттанып.

Орустун сырдуу куралы,

Катыгүн дарыя көздөй тушталып.

Темирден канат куш болуп,

Тегинден тийген муш болуп.

Кара Чабыр оозунда,

Жарылып түшкөн туш болуп.

Дарыя түтөп буу болуп,

Жер силкинип чуу болуп.

Мөлтүр кашка тоо мөңгү,

Маңызы кургап уу болуп.

Жардын үстү ойулуп,

Буралган түтүн койулуп.

Кеткен дейт таштар эзилип,

Тамтыгы калбай сойулуп.

Кызыл от кырдан төгүлүп,

Коктулар көчүп сөгүлүп.

Өзөктүү курал уулары,

Сайларга калды төгүлүп.

Зарешнойдун өйүзү,

Чагылган түштү аталган.

Чагылбай түшпөй бул жерге ,

Атомдук бомба маталган.

Көпүрүктүн өйүзү,

Чагылган түштү аталган.

Чагылган түшпөс бул жерге,

Чындык бар терең жашынган.

Ойулуп калган ойук бар,

Азыр да турат ойуктар.

Тешилип калган тешик бар ,

Азыр да турат тешик жар.

Ошол жылдар түн болгон ,

Эл журтка кыйын күн болгон.

Карайлап каран түн болгон,

Кыргызга кыйын күн болгон.

Дайранын суусу ууланып ,

Өлүмү көп жыл болгон.

Суу бойлоп конгон элдерде ,

Түндүктөр калган тартылбай.

Саясий өкмөт оюну ,жашыруун калган айтылбай.

Өзгөчө курал сынашып ,

Орустар тарыхка кеткен жаздырбай.

 

Көйкөлүм

Гаңга өткөн көпүрүк курулбады көйкөлүм,

Гаңгираган мендейге бурулбадың көйкөлүм.

Өйүзгө өткөн көпүрүк курулбады көйкөлүм,

Өзүмдөй болгон жигитке бурулбадың көйкөлүм.

Зоо ташка өткөн көпүрүк курулбады көйкөлүм,

Зорго мендей жүргөнгө бурулбадың көйкөлүм.

Эки суунун ортосу зым, аркан болду көйкөлүм.

Салаңдап суудан өтө албай троско жаман өйкөлдүм,

Өйүз менен бүйүздө темир турат көйкөлүм.

Суу кечүүнгө өтүк жок ,

Темирге жаман өйкөлдүм.

Кызыл белес тушунда көпүрүк жок көйкөлүм,

Кечейин десем кечүүнү өтүгүм жок көйкөлүм.

Кара Белес тушунда көпүрүк жок көйкөлүм,

Кайкалап кечип өтүүгө өтүгүм жок көйкөлүм.

Көк жардагы кош трос мында дагы бар экен,

Кош тростон баса албай көйкөлүм көңүл зар экен.

Кош тростун бетинде теректен тахта бекиптир,

Тездетип шамал урганда тахталар учуп кетиптир.

Кош тростун бетинде, Байланып тахта бекиптир.

Айланып шамал урганда,

Тахталар учуп кетиптир.

Көйкөлүм сага зар болдум,

Көпүрөк жок хар болдум.

Көйкөлүм каухардан кымбат зар болдуң,

Өзүңө жаман зар болдум.

Өйүзгө суудан өтө албай,

Өзүңдү самап жете албай.

Тросту минип өтө албай,

Тезыраак сага жеталбай.

Көйкөлүм, жаман хар болдум.

Кызыл Белес ашуу пас экен ,

Сүйүүгө кимдер мас экен.

Жетим гаң ашуу пас экен,

Жигиттер мендей аз бекен.

Зоо Таштын бели жантайыш,

Зорго чыгат шоопурлар.

Бер жагы тиркан кынтайыш,

Боорлоп чыгат шоопурлар.

Коктудагы кийикке жоолугуп чыгат шоопурлар,

Ичип алган немеси оолугуп чыгат шоопурлар.

Көөнө Коргон ичинен көрүнүп тургун көйкөлүм,

Көп ичинен өзгөчө бөлүнүп тургун көйкөлүм.

Кызыл белес кечүүдөн көрүнүп тургун көйкөлүм,

Сайга каккан темирден бөлүнүп тургун көйкөлүм.

Ак Байталдын сайыга барып тургун көйкөлүм,

Анча мынча кат берем алып тургун көйкөлүм.

Күл төккөнү жар бойлоп барып тургун көйкөлүм,

Арнап сага гүл берем алып тургун көйкөлүм.

Ата энем жок сагыра гарыптырмын көйкөлүм,

Аста секин көз кырың салып жүргүн көйкөлүм.

Бир бечара сагыра гарыптырмын көйкөлүм,

Билгизбестен көз кырың салып жүргүн көйкөлүм.

Булуттан чыгып күн тийсе ,

Бурулуп сага бараармын.

Көңүлгө жаккан көйкөлүм,

Өзүмдүк кылып алаармын.

Аскадан чыгып ай тийсе ,

Айланып сага бараармын.

Аккуудай болгон көйкөлүм ,

Ак нике байлап алаармын.

Аллахым сени буйруса ,

Асыл жар кылып алаармын.

 

Өмүр, тагдыр

Өмүр ,тагдыр ,жолдор жана ыр саптары,

Өткөргөн күндөрүмдүн ыргактары.

Күбүлүп жалбырагы жерге түшкөн,

Жашоомдун жашыл бактуу дарактары.

 

Өмүр, тагдыр, жолдор,жана ыр саптары,

Күндөлүк дептеримдин барактары.

Түн кезип күлүк чаап бара турган,

Үмүттүн шоола чачкан тараптары.

 

Өмүр ,тагдыр,жолдор, жана ыр саптары,

Бороонду күндөрүмдүн бурганагы.

Сырдалып сүйүү менен сүрөттөлгөн,

Белесте беттен шамал урса дагы.

Өмүр, тагдыр, жолдор, жана ыр саптары,

Күндөлүк дептеримдин барактары.

 

-//-

Күлүп тийген күнгө ийилип бүгүлүп,

Салам айтып кол жаңсадым жүгүнүп.

Бүт арылып түшкөнсүдү көп күнөөм ,

Бактан учкан жалбырактай күбүлүп.

 

Толуп чыккан айга турдум ийилип,

Сезимимде толкунданып сүйүнүп.

Эсептелип жаткансыды бар күнөөм,

Кылган амал дептеримден чийилип.

 

Түндүгүмдөн топ жылдыздар көрүнүп,

Жылт дейт учуп жерди көздөй төгүлүп.

Толуп ташып, так ортодон жарылдым ,

Жандуу денем жан дүйнөмдөн бөлүнүп.

Ак карадан жаткансыды бөлүнүп.

 

-//-

Ыр издеп күнгө конуп куйкаландым,

Күл болуп майдаланып ушаландым.

Тагдырлар чеңгел салып муунтканда,

Ызадан көз жаш төктүм кусаландым.

 

Ыр изден мөңгү музга конуп турдум,

Мерездик ызгаарына тоңуптурмун.

Жашоонун азабына жыргалына,

Жаш туруп тең ортоктош болуптурмун.

 

Ыр издеп ай ааламды кезиптирмин,

Көп жерде көп нерсени кезиктирдим.

Жыргалдан жан ырахат алган менен,

Түйшүккө жүрөгүмдү эзиптирмин.

Маземди алып жаткан мезгилдерге,

Өмүрдүн үлүшүнү бериптирмин.

 

-//-

Илгери сотка деген жок болгон ,

Көңүлү элдин ток болгон.

Жакшы жаман иштерге ,

Жаш каарысы топтолгон.

Илгери айфон деген жок болгон ,

Атанын сөзү ок болгон.

Бойго жеткен кыз жигит,

Он сегизде токтолгон,

Илгери ватсап деген жок болгон.

Той ашта баары топтолгон,

Атадан айфон талашпай.

Чүкө ойноп бала шоктонгон.

Келиндер статус койбогон,

Кайын журт камын ойлогон.

Селкилер селфи кылбастан ,

Шар аккан сууну бойлогон.

Жигиттер смайлик билбеген,

Группага сүйлөп кирбеген.

Жалганды айтып жазбаган,

Жашаган таза дил менен.

Зарядник күтпөй толбогон,

Однодон гости болбогон.

Жөнөткөн эмес белекке ,

Картинка гүлдөн соолбогон.

Комменттен кызыл лайк басып,

Гуглдан көрүп кайф ашып.

Айфондон калдык өбүшүп,

Айфондон башты чайкашып.

Видео кылып сүйлөшүп,

Экрандан каакым үйлөшүп.

Группадан бата бердикби,

Группадан бала үйлөнтүп.

Сайттарга жүктөп көп айттык,

Элине жардам бергенди.

Эсирип көптү жегенди,

Ютубтан жаттык көрсөтүп.

Умрага, барып келгенди.

Апалар айфон кармашат,

Аллейи ыйлап жармашат.

Энелер айфон кармашат,

Небере ыйлайт талашат.

Иншот кылып көчүрүп,

Он лайн жаттык үйлөнүп.

Ажыраштык личкадан,

Заблок кылып өчүрүп.

Айфондон калдык көрүшүп,

Айфондон калдык өбүшүп.

Ак кара жакшы жаманды,

Алыстан калдык бөлүшүп.

Загрузка болуп төрөлдүк,

Скачайт болуп торолдук.

Прошивка болуп жуулдук,

Обновит болуп туулдук.

Адам болуп жаралдык ,

Вай фай болуп таралдык.

Пенде болуп жаралдык,

Интернет болуп таралдык.

Бул дүйнөнүн кызыгын ,

Сетте болуп көрө алдык.

Бул дүйнөнүн азабын

"в сети"болуп , көрө алдык.

 

Ак жылгадан ат качты

Жибин үзүп Ак -Жылгадан ат качты,

Аркан сүйрөп айлуу түндө жатпаспы.

Он сегизге жаңы толгон мезгилим ,

Атам сөктү, ат жоголду ,от басты.

Ай талаада атты издеп жүрөмүн,

Аңды дөңдү албууттанып түрөмүн.

Ак-Жылгадан ат качканын эстесем,

Азыр кээде аргасыздан күлөмүн.

Ат издеймин жылга жыбыт кыдырып,

Кара- Жылга мукурларын сыдырып.

Казындыга жеткенимде чаалыгып,

Куюн урду калпагымды шыпырып.

Башымдагы кийгеним чоң панама,

Панаманы кууп жүрөм талаада.

Атты таппай панаманы учуруп,

Чуркап жүрүп ,чарчап бүттүм санаамда.

Араң туттум баш кийимди шамалдан,

Ат каякта түгөнгөнсүйт заманам.

Казындыда караан тутаар адам жок,

Чарчап бүттүм ат издөөгө чамам жок.

Ээн талаа элсиз чөлдө калгансыйм,

Капаланам кантем эми амал жок.

Ал аңгыча тумшук жактан көрүнүп,

Сары комби сары чаңдан бөлүнүп.

Атам мени урушчудай элестейм,

Кудум эле келаткансып сөгүнүп.

Жүрөк согот жарылчудай кабынан,

Өпкө боорум өрөпкүүдөн бөлүнүп.

Жол жээгине сары комби токтоду,

Өтө берип менин ары жагымдан.

Эмнегедир атам мында көрүнбөйт ,

Көргөн көзүм күмөндөөмдү төгүндөйт.

Менин эстеп коркуп турган ойумдай,

Эч кимиси ачууланып сөгүнбөйт.

Умар агай басып утур келатты,

Калчылдоолор кызык учур жаратты.

Ат табалбай араң турган жаныман,

Арсыз ойлор узап менден баратты.

Умар агай күлүп турду жылмайып,

Жанып турду жамалынан нур чайып.

Ат табылды Кар Тумшук тараптан,

Сени издеп саргайдык дейт кылчайып.

Атам атты минип келе жатыптыр,

Мени ойлоп баары кайгы тартыптыр.

Ат өлсүн дейт, апаң ыйлап отурат,

Чындыгында апам муңга батыптыр.

Ошол жылдар сактап калган бир сүрөт,

Сезимдеги токтоп калган бир мүнөт.

Азыр деле жандүйнөмдө жанашып .

Апам, атам , Умар агай бир жүрөт.

Кыялымда Ак-Жылгада бир сүрөт.

 

Өскөнбай Бердибаев" Поэзия Ордосу"

көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.