Өскөнбай Бердибаев: “Ак-Суу” (ыр саптар)

Ак - Суу

Керилип жаткан кең Ак - Суу,

Кайберен толо коктусу.

Чаңкасам мөлтүр булагым,

Урттаймын ууч толтуруп.

Жаш кезде жанып шам чырак,

Карагер чапсам камчылап.

Сезимдер учса куш болуп,

Ата - журт көздөй талпынат.

Бүркүттүн салган уясы,

Айланган бийик зоо болот.

Уюган дилде аруулук,

Башаты улуу тоолордо.

Көк кашка дайра жай агып,

Түркүн куш түнөк жай алып.

Өмүр күн саат тагдырлар,

Тарыхка калган айланып.

Көз мончок таккан көрөңгөм,

Көрүнөт көркөм дүйнөмдө.

Ак - тулпар чаап алыстан,

Ой - кыял кезет түзөңдү.

Жылдыздар жанып бийикте,

Кыя жол ашат бийик бел.

Көп издер калган кумайда,

Курыстык жылга Беикте.

Алты ыр жаздым сап кылып,

Алтындын билбейм баа кунун.

Асылдай Сарыкол жеримди,

Чексиз деп айтам наркыны.

Тоолорго түшсө көлөңкө,

Топ таштын башы жөлөңкө.

Алма өрүк бышкан бейишке,

Аксууну алмашпас элем бөлөккө.

Ай батса күңүрт караңгы,

Аманат жанга жаралдык.

Алыста узак жүрсөк да,

Айланып бир күн барабыз.

Ордо атып көңүл хуш кылып,

Ооматты кудай туш кылып.

Эл жерим аман бар болсун,

Жигиттер чыксын кырчындай.

Шибериң көркөм түр болсун,

Килемдей түркүн гүл болсун.

Ак - Суунун асыл кыздары,

Ак шоола чачкан нур болсун.

Тоолорго жаркып күн тийсин,

Топ элдин жүзүн күн сүйсүн.

Түрүлүп малы төрт түлүк,

Элимдин төбөсү көктөн көрүнсүн.

Керилип жаткан кең Ак -Суу,

Башаты улуу тоолордо.

 

Кетип жатсам

Кетип жатсам саат күнүм түгөнүп,

Сапар салсам келбес жайга түбөлүк.

Ыр дептерим кошуп көмүп койгула,

Боз мүрзөмдөн чыксын кайра гүл өнүп.

 

Же болбосо оң жагымда мүрзөмдүн,

Окугула көңүл сүйгөн ырларды.

Айланчыктай алыс учпайт көпөлөк,

Термелишип көгүш гүлдөр ыргалсын.

 

Барактары дептеримдин ыр жазган,

Күлүп жүргөн элесиме окшосун.

Суранамын ар жыл сайын мага арнап ,

Ыр жазгыла ырдагыла топтошуп.

 

Ыр жазгыла , ыр жазгыла жоктошуп !

 

Кош - Агыл

Кош - Агыл , Тогуз -Булак, топоз короо,

Чокуда тик тургузган моло кароол.

Коктуда куурап кулжа мүйүздөрү,

Чаңкап мен азыр түштүм бийик тоодон.


Чеш - Дөбө ,Сарыгорум, сай таштары,

Ойдуңда отуз аркар санайм баарын.

Көк бука көптөн бери дайыны жок,

Ит кушка илээшбесе караан калгыр.


Боз куюн туурдукту жулкулдатып,

Түндүктөн тартып кармайт жел боо казык.

Үлүңдөп өчпөйт түнү кара чырак,

Боз үйдө борк - борк казан күңүрт жарык.


Көк бука көптөн бери дайыны жок,

Ит кушка илээшбесе караан калгыр.

Кадыр

Жетилүү курагынан өткөн жашы.

Атанын сөзүн укпай үйлөн десе,

Айланып ары басат чайкап башын.

Алам дейт жалтыраган жаңы "нива",

Жаштыкта ак тулпарды айдап зуулдап.

Айланып көп жерлерди кыдырамын,

Саякат кылсам соонун ой кырларды.

Акмак деп ата айтат колун кезеп,

Ак нива сага бүлө болмок беле.

Үйлөнүп очор- бачар болуп алсаң,

Бак дөөлөт өзү келер имерилип.

Айтканым эки кылба алтын балам,

Сен менин таянар тоом жалгыз караан.

Жашоомдо канча күндүк саатым калды,

Төрүмдөн көрүм жакын бара турган.

Атанын айткан сөзүн кыялбады,

Ак "нива" азыр эмес кыялдагы.

Атакем ак батасын тилеп турат,

Ак уруп айткандарын кылам баарын.

Кадырга калың журттан түгөй издеп,

Карыя шашып жөнөйт узап үйдөн .

Кабагы жарк ачылып байкуш ата,

Уулуна жараткандан бакыт тилейт.

Көп күткөн максат ойлор орундалып,

Кош түгөй бирин бири толукташып.

Көп өтпөй той башталды эки жаштын,

Көңүлдөн кубанычтар толкуп ташып.

Аксакал көктү карап колун жаят,

Жалынып бакыт тилейт жараткандан.

Мөмөлүү дарак болсун урпак улай,

Турмушка кол кармашып бараткандар.

Таскактап мезгил чапкан жылдар өтүп ,

Ыроолоп бакыт таалай ырыскы кут.

Уулдан урмат көрүп кыздан ызаат,

Кайкалап Кадыр жүрөт нива минип.

Эстешет карыянын карааныны,

Үй бүлө дайым жүрөт дуа кылып.

 

Мургап- Ош - 415 км

Мургап Ош төрт жүз он беш километр,

Сапарлаш тоодо шамал жолдо жамгыр .

Кайылбыз кыл чокуда кар кечүүгө,

Кыргызбыз кырга байлап койгон тагдыр.

 

Ай чапчыйт алыс жердин Ак -Байталы,

Санап жыл санжырасын жазган тарых.

Айланып алгыр бүркүт шаңшып учкан,

Асыл жер ата конуш бизге баалуу.

 

Мургап Ош төрт жүз он беш километр,

Сагынып келе берет кайра баргым.

Сезимде Сейнөстөндүн жылгалары,

Элестеп толкунданып турам азыр.

 

Мургап Ош төрт жүз он беш километр,

Ай чапчыйт ата журттун Ак -Байталы.


Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук брикмесинин мүчөсү

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.