Сиз баскан жолдор, белдер бийиктир

Сиз баскан жолдор, белдер бийиктир

Бир келген өмүрүн өрнөктүү өткөрүп, элине ак кызматын арнаган Сарыколдун чыгаан уулдарынын бири Шаджанов Идирис агабыз быйыл 67 жашты аркалап олтурат. Сиздей чыгаандар элибизде көп болсун, сиз Сарыколдун сыймыктуу уулдарынансыз. Сизге бекем ден соолук каалайбыз, бар болуңуз.


Бактылуу карылыктын доорун сүрүң

Оорубай ден соолукта эсен журуң

Туяктуунун баары эле тулпар эмес

Уулдан урмат эл журттан сый ызаат көрүң


Мен ушул ыр саптарын Сарыколдун сыймыктуу инсаны И Шажановко арнаймын.

Урматым менен Бердибаев Өскөнбай.

 

siz-baskan-zholdor-belder-biiiktir 2Айланган тоонун буркуту болуш кыйындыр

Жакшыга көңүл жаманга жарты тыйындыр

Өзүңдөй болбос ат минсе деле баарысы

Камчысыз болуп көңүлсүз курган жыйындыр

Калдайган калкка бел арка болуш кыйындыр

Билгенге эмгек арсызга сокур тыйындыр

Өзүңдөй болбос ат минсе жайдак башкалар

Сөздөрү супсак айласыз курган жыйындыр

Туйлаган тулпар тушалып басса оордур

Таштактуу жолдо азыркы аттар жоордур

Өзүңдөй болбос баары эле сиздей көрөгөч

Кыранда көк жал адашпай тапкан тоомдур

Аскалар бийик учтары көккө тийиптир

Сиз баскан жолдор, белдер бийиктир

Жакшылык барго күн нуру чачкан жарыкта

Түбөлүк жазат мезгилдер сизди тарыхка

Түбөлүк жазат убакыт сизди тарыхка....

 

Өскөнбай Бердибаев

Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.