САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Токтобек Камаров

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Токтобек Камаров

Боз там турат тээ айылдын четинде

Ойночуубуз күндүзү да кечинде

Эх чиркин күн, бакыт ошол кез тура

Боз там менен балалыгым эсимде...

 

 

 

 

 

 

 

Боз тамдагы балалык

 

Боз там турат тээ айылдын четинде

Ойночуубуз күндүзү да кечинде

Эх чиркин күн, бакыт ошол кез тура

Боз там менен балалыгым эсимде

 

Өттү күндөр жашап өскөм ал үйдө

Бактылуу күн өттү нечен далайы

Сырты боп-боз акталбаган болсо да

Мага бул там хан ордосу сарайы

 

Тургандыр жепирейип желе басып

Сагынып бизди күтүп көзү катып

Түшүнбөй турган чыгар байкуш тамым

Кай жакка кетишкен деп менден качып

 

Кимге кандай учурдагы бул аалам

Боз там турат, шыбы түшкөн кулаган

Үйдүн ээси сапарларда көрүнөт

Тынч болсунчу Боз там, эл жер, заманам


Сары колум


Ыңаалап төрөлгөнмүн тоо койнунда,

Кой жайып чоңойгонбуз тоо боорунда.

Ырыскым алыстардан терип жүрөм,

Жан дүйнөм Сары-колдун тоолорунда


Сары-кол кантип сени сагынбайын,

Ырым да ар бир тамгам сагынганым.

Алыста жүрсөм дагы сен деп согот,

Жүрөгүм, кан жүгүргөн тамырларым.


Жан эргийт шылдыр шылдыр суулар акса,

Туулган жер тоолор башка, суулар башка.

Таштактан эки кадам жери дагы,

Мен үчүн жайнап турган бир гүл бакча.

Классташтарым

 

Көп ойлоном көр оокаттын айынан,

Бул турмушта күндө көйгөй жаңыдан.

Артка тартып алып кетчи балалык,

Бакыт курак мен өзүңдү сагынам.

 

Ойночу элек ой чукур да чаң салып,

Ылай кармап кыялданып там салып.

Бирге ойногон достор алыс мен алыс,

Учкун сымал туш тарапка тарадык.

 

Бирөө ата бирөө бойдок мен окшоп,

Жүрөт чиркин бийкечтерге бой салып.

Азаматтар ата болгон бел байлап,

Жашоосуна кетмен кармап жол салып.

 

Кези келсе жолугарбыз досторум,

Өткөн кеткен жооруктардан баяндап.

Мен силерге камдап койгом бир белек,

Жазып койдум ушул ырды даярдап.

 

Токтомушум

 

Айланага көз чаптырам берилип

Тоолор турат асман тирейт керилип

Суктанамын кооздугу жомоктой

Сары-колума сөз жетпейтго дээрлик

 

Токтомуштун кенен тоосу жылгасы.

Жылгасында жайнайт аркар кулжасы

Суктангандан санап дагы бүтө албайм

Бири мында, тээ алыста бир башы

 

Топ-топ болуп аркар-кулжа мекендеп

Мергендери сая түшөт жетем деп

Табияттын кубулушу өзгөчө

Эх Сары-кол! Сенде жашоо керемет.

 

Камаров Токтобек Токурович

Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.