САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Таалайбек Сайназаров

Сарколго сапар

Толкунданып бара жаттым

Кучагында тоолордун

Сарколго мен сапар тартып

Баратамын жолдомун

 

Бет алдымда бийик ашуу

Тосуп алат Кызыл-Арт

Толкундаппы же түтөкбү

Айтор демим кысылат

 

Кызыл-Артты ашкан кезде

Кучагына аласын

Басып өтөм шашкан бойдон

Маркан-Суунун талаасын

 

Уй булакты артка таштап

Өргө карай жыламын

Кара-Көлүм көрүнсө деп

Кетет менин чыдамым

 

Андай кезде машина да

Жүрбөй калат кыбырап

Дөнгөлөгү чимирилип

Баратса да зымырап

 

Чыгып барсам кашка жолго

Көлүм жатты мелтиреп

Толкундары жээкке уруп

Кайра артка серпилет

 

Оо кутманым Кара-Көлүм

Сенсиң жердин асылы

Сагынамын унутбаймын

Сенин ар бир ташыңды

 

Көлгө карап мен суктанып

Таазим кылам баш ийип

Бир мен үчүн Сарколумдун

Ар бир куму ташы улук

 

Тээ алыста чакан айыл

Көзгө сүйкүм көрүнөт

Балалыгым эске түшүп

Ойум онго бөлүнөт

 

Бет алдымда кучак жайып

Шираалжиндин талаасы

Кандай сүйкүм кандай сонун

Өскөн жерди карачы

 

Сол тарапта Көк чукурум

Салам айтам кум чукурум

Алыстардан сапар тартып

Келип калды өз кулунуң

 

Салам айтам Коёндуга

Салам карарт агыны

Көрсөм дагы таркабады

Көкүрөктө сагынуу

 

Туулган жерим өз айылым

Кара-Көлүм кутманым

Кош келипсиң кулунум деп

Тосот ачып кучагын

 

Баратамын мен айлымдын

Көчөсүндө көңүлдүү

Кайра кайра эстеп жаттым

Балалыктагы өмүрдү

 

Көл бойунда олтурамын

Көлүм менен сырдашып

Күн да мага карап турат

Күлүмсүрөп нур чачып

 

Шамал дагы чачтан сылап

Сагынганын билдирет

Тээ алыста тоолор дагы

Чакыргансыйт келчи деп

 

Андан ары Көл башынын

Тулан жашыл шибери

Кандай ыссык жанды эргиткен

Өскөн жердин илеби

 

Салам Чөбөк-Кара жылга

Саламдашып өтөмүн

Салам Ыраң-Кум мойногум

Салам дөбө өтөгүм

 

Жер сонуну Жаңы жерим

Жыпар жыты анкыган

Булагыңдан сууңду ичип

Кумарымды кандырам

 

Ак жылганын босогосу

Күйгөн өтөк Көк белесим

Шаркыраган суу бойунда

Тоолорума көрк бересиң

 

Туура булак Кош жылгада

Далай далай издер калган

Сагынганда мен силерди

Батбай кетет ичте арман

 

Зулум арт Чат шаркырама

Гүлгө оронуп кулпунат

Ак мөнгүлүү тоолор дагы

Ойлуу турат тунжурап

 

Сай конушум Бел өтөгүм

Мамат жайлоо Кара чым

Кулунум деп бек кучактап

Кучагыңа аласың

 

Андан ары барсаң эгер

Данкай менен көрүшөмүн

Канганымча суунду ичип

Сагынычты бөлүшөмүн

 

Андан кийин мен кайрылып

Кокуй белге барамын

Салам айтам кол айрыгым

Туура булак жалаңым

 

Апак Данги Кара чымда

Далай калган издерим

Ал кездеги балалыкты

Келип жатты издегим

 

Тумшук өтөк Орто бозду

Көрүп толкуйт көңүлүм

Ушул тоонун арасында

Калган жаштык өмүрүм

 

Муз көлүмдүн дарыясы

Күтөт мени сагынып

Унуттуңбу келбейсиң деп

Карт буурадай чамынып

 

Унутбаймын мен силерди

Унутууга акым жок

Саркол жашайт жүрөгүмдө

Ошол үчүн көңүл ток

 

Ок салдырга дуа кылам

Батаа тартып жүзүмө

Мен курманың болоюнчу

Тоо-таш талаа түзүңө

 

Көлдү көрсөм мелтиреген

Тоону көрсөм көк тиреген

Алыстарда жүрсөм дагы

Кубат алам мен силерден

 

Саламат бол бар бол Саркол

Мен өзүңдөн алыстамын

Ушул ырды белек кылып

Кара-Көлгө багыштаймын

Классташтарга

Он жыл бою бир мектепте окудук

Бир класста бир партада олтуруп

Бир даярдап бирге жаздык сабакты

Биз дептердин ак барагын толтуруп

 

Чогуу басып бирге болуп бир жүрүп

Кубалашып бирге ойноп бир күлүп

Мойтоңдошуп эгиздердей ээрчишип

Өткөрдүк биз балалыкты бир жүрүп

 

Кара-Көлдүн майда кумдуу жээгинде

Бирге барып бирге нечен ойнодук

Эки экиден бөлүнүшүп ээрчишип

Бирге басып көлдүн жээгин бойлодук

 

Оюн менен аппак таңды аттырып

Тоо жаңыртып күлчүү элек каткырып

Оо курбулар ошол күндөр кайрылбай

Алыс кетти азыр бизден жашынып

 

Бирге бийлеп кыздар балдар вечерде

Майрам сайын биз чогулуп кечиде

Түнү бою оюн ойноп бий бийлеп

Ырдаган кез дале турат эсимде

 

Шаңдуу эле мектеп жаны ызы-чуу

Күлкү менен сабак дагы кызычуу

Шашып жазып эптеп септеп сабакты

Болсо экен деп тез тез эле тыныгуу

 

Конгуроо да жылаажындай кагылып

Класстардын эшиктери ачылып

Опур-топур бака-шака үн менен

Жөнөчүүбүз биз оюнга шашылып

 

Сабак бүтүп үйгө кетип баратып

Шандуу күлүп катар басып жанашып

Кубалашып кээде кетип урушуп

Таарынышып анан кайра жарашып

 

Өттү күндөр тоо суусундай агылып

Кетем кээде ошол күндү сагынып

Кыздар жүрчүү аппак көйнөк кийишип

Чачтарына түрдүү бантик тагынып

 

Балдар жүрчүү кыздарга ашык болушуп

Кызганышып бир биринен коорушуп

Күлүп койсо мени сүйөт экен деп

Кыз күлкүсүн ар кыл ойго жоорушуп

 

Эх жаштык кез алыс кеттиң көрүнбөй

Бирге жүрдүк эгиздердей бөлүнбөй

Ойлобогон бир оюндан башканы

Өмүр барбы балалыкты өмүрдөй

 

Биз киного чогулушуп барчуубуз

Бир рядды катар ээлеп алчуубуз

Капысынан көрүшбөсөк эки күн

Кадимкидей сагынышып калчуубуз

 

Чогулушуп бир даярдап сабакты

Чогуу барып бирге ичтик тамакты

Кечиккенде биз оюнга алаксып

Агайлардан чогуу жедик таякты

 

Балалык кез өтүп жатты билинбей

Учкан куштай эч бир көзгө илинбей

Улам улам алыс калды алыстап

Арабанын карда калган изиндей

 

Балалык чак кандай сонун керемет

Биз ал кезде улан кызбыз секелек

Билишбеген бир оюндан башканы

Сонун мезгил дале эстен кетелек

 

Бүгүн мына жашообузда жаңылык

Мектептерде музыка үнү жаңырып

Онунчуну бүтүп жаттык ошентип

Эң акыркы конгуроолор кагылып

 

Бирге жүрүп он жыл бирге окудук

Бир класста бир партада олтуруп

Экзаменди ийгиликтүү тапшырып

Турдук бүгүн аттестатка кол сунуп

 

Бириң калдың жашап иштеп айылда

Бириң кеттиң окуш үчүн алыска

Капысынан турмуш нугун өзгөртүп

Алыс кеттим мен силерден алыска

 

Ал кездеги сулуу селки боз улан

Уулдар жигит кыздар келин созулган

Турмуш куруп кеттиң баарың туш тушка

Ар кимиңе ар кай жерден жолугам

 

Кыздар күйөө, уулдар күтүп жаш жарды

Турмуш бизге мына ушинтип башталды

Жашоо менен алпурушуп олтуруп

Сезбейбиз го бубак басса чачтарды

 

Бир кездеги улан кыздар секелек

Бүгүн жүрөт уул кыздарын жетелеп

Кызы айтса атакелеп апа деп

Уулу жүрөт апаке деп ата деп

 

Ишенбейм кайда кеттиң бала чак

Көрүнбөйсүң биз кылчайып карасак

Сезилдирбей эч туюлбай, билинбей

Өмүр чиркин тез-тез өтүп баратат

 

Балалыкты эңсесең же сагынсаң

Өз балаңдын күлкүсүнөн издей бер

Алар күлүп ойносо же кубанса

Ойноп күлгөн алар эмес биз дей бер

 

Ал анткени биз үлгүрбөй калганды

Улантышып биздин балдар жүрүшөт

Бир убакта сен мен күлгөн күлкүнү

Улантышып биздин балдар жүрүшөт

 

Өстүрө бер улан кызды ардактап

Тарбиялап адам кылгын билимдүү

Алар күлсө угуп жүргүн кубанып

Бир убакта өзүң күлгөн күлкүнү

 

Балдар биздин келечек деп айтышып

Өткөн экен бизден улуу адамдар

Кайгы тартбай ойноп күлүп жыргашып

Өсө берсин эми кыздар балаңар

 

Ынтымак болуп тынчтыкта өмүр сүргүлө

Саламат болуп аман бир эсен жүргүлө

Шаң-күлкү менен кубаныч кетбей жүзүнөн

Бактылуу болсун биздин да ар бир үй бүлөө

 

Мына ушинтип көп жыл өттү зымырап

Күндөр өттү ай артына жыл улап

30 жылдыкты чогулушуп олтуруп

Тосолучу ойноп бийлеп ыр ырдап

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.