САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Кенжебаева Багдагүл

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Кенжебаева Багдагүл

Багдагүл Кенжебаева 1956-жылы Таджикистандын Мургаб районунда туулган. 1973-жылы Мургаб шаарчасында В.И. Ленин атындагы орто мектебин жакшы ийгиликтер менен бүтүргөн.

 

1984-жылы Душанбедеги Шевченко атындагы педагогикалык институтун сырттан окуп бүтүргөн. Эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

 

Учурда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Дөбө айылында билим берүү тармагында эмгектенүүдө.

 

Багдагүл Кенжебаеванын көптөгөн ырлары жергиликтүү «Мургаб коммунисти» гезитинде жарыяланган.

Бактыгүл Кенжебаева сегиз баланын энеси, “Баатыр эне” орденинин ээси.

Мургабым

Сагындым шар аккан сууларыңды
Тоо ташта таңшыган уларынды
Эңсеймин элестетем куса болом
Сенде өткөн балалык жаштык курагымды

 

Кут болсун эгемен жыйырма алты жылдыгың
Жашагын Мургабым далай кылым
Ийилип эл жерине салам берет
Төрөлүп сенде өскөн бир кызың

 

Айбекке

Бул дүйнөдө жалгыз менин арманым
Айбегимден эрте ажырап калганым
Айбегимди үйлөп-жайлап өзүнчө
Балдарыны эркелете албадым

 

Айбегимди күндө ойлоп кусамын
Аба ордуна кээде канды жутамын
Айбегимди түшүмдө да көрүп мен
Ала кет деп колдорумду сунамын

 

Бул дүйнөнү таштап кетти эртелеп
Бала бойдон жүрбөйт белең эркелеп
Боз топурак жамынып жатпастан
Келбейт белең сүйгөн кызың жетелеп

 

Кыргызмын

Миң тогуз жүз токсон тогузунчу жылында
Көчүп келип кыргыз жерине
Кошулдум кыргыз элине

 

Кылчайып артым карасам
Далай жылдар болуптур
Ардактуу ушул кесипке
Отуз жети жыл толуптур

 

Куйулуп нечен суулар акты
Кеч кирип далай таңдар атты
Союзду баштан өткөрүп
Жашапмын жарым кылым ашык жашты

 

Мен Памирден келгенмин
Мургаб деген жерденмин
Сактаган каада-салтыны
Нукура кыргыз элденмин

 

Кыргызмын деп мактанам
Башка тилди билсем да
Өз тилимди сактаган
Эне тилин сатбаган

Апакем

Анда мен кичүү секелек
Жүрчүмүн сизге эркелеп
Каймак кошуп чайыма
Берчүүсүз мага эртелеп

 

Кара көз сулуу апамдын
Сөздөрү дайым эсимде
Баркыны билдим мен анын
Балалуу болгон кезимде

 

Мээримдүү менин апакем
Бейиштин жолун жолдогон
Арабызда азыр жок
Арбайы бизди колдосун


Билим

1956- жылында
Толукшуган жаз айында
Жарык дүйнөгө келгенмин
Мургаб деген айылда


Ичкенмин суунун тазасын
Жутканмын тоонун абасын
Кызмат кылган элге
Мен коммунист баласымын


Жашым жетип жетиге
Мен мектепке барганмын
Жакшы окуп мектептен
4-5 деген баалар алганмын


Жакшы окуп мектепте
Илиндим ардак тактага
Бааланып мектеп тараптан
Отурдум Лениндик партага


Тапшырып география факультетке
Аны ийгиликтүү бүтүрдүм
Институт менен айкаштырып
Үй бүлөө да түтүндүм


Жолдошум да мугалим
Алган жогорку билим
Көп жылдар эмгектенип келген
Орус тилден сабак берген


Бүтүп келип окуумду
Баштадым эмгек жолумду
Тарбия берип балдарга
Ашыра баштап оюмду


Алты материк, төрт океан
Мээме куюп койгондой
Берилип сабак беремин
Кудум ошол материкте болгондой

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.