САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Алмаз Маманиязов

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Алмаз Маманиязов

Турмуш жолу

 

Турмуштун эчен-эчен жолдору бар

Бирде кең кээ бирөөгө ушунча тар

Кээ бирөө байлык масы ойноп күлсө

Кай бирөө жер тепкилеп бир нанга зар

 

Турмуштун узун-узун жолдору бар

Тутанып алоолоңгон оттору бар

Күйгөндө кошо күйүп тоңсо тоңгон

Турмуштун сыноосуна чыдагындар

 

Турмуштун түшүнүксүз жолдору бар

Бирөөнүн бактысы жок тактысы бар

Кээ бирөө бала ээрчитип жыргап жүрсө

Кээ бирөө ичтен сызат перзентке зар

 

Токтомушум тарынба

 

Таарынбачы сени таштап кетпедим

Кулак салып угуп алчы кептерим

Бөлөк жерге жергиликтүү боло албайм

Токтомушум кулунунмун мен сенин

Токтомуш мен өзүндөн кетип калып

Сагынам кээде ыйлайм эстеп алып

 

Өмүр бойу сенде жашап өтпөсөм да

Өлсөм экен Токтомушум сенде барып

Өз атам да чоң атам да жети атам

Токтомушту мекен кылып жердеген

Ажал жетип өтүп кетсем жайымды

Ушулардын катарынан берсе экен

 

Тарынбачы туулган жерим тарынба

Мен жүрөмүн сенден кетип алыста

Кыйналсам да сагынсам да айла жок

Баш ийемин Теңир берген тагдырга

Тарынбай тур Токтомушум бараармын

Баруу үчүн себеп издеп табаармын

Жаратканым жардам берсе өзүмө

Бат-бат барып сенден кабар алаармын

Биз кыргызбыз

 

Биз кыргызбыз Сары-Колдон келгендер

Жаңылышат бизди тажик дегендер

Нак кыргыздын каада-салты биз жакта

Айткылачы жалган айтсам мен эгер

Ай көл Манас аттуу бизде мектеп бар

Кыргыздардын барлыгына себепкер

 

Ырын ырдап күүсүн черткен калкына

Биздин мектеп Токтогулдун атында

Сары-Колдо накта кыргыз турат деп

Сатылганов кабар кылат жалпыга

Кээ жерлерде мектеп тургай садиктер

Өлүп калган орустардын атында

 

Райондун тең жарымы тажиктер

Кыргыз менен амандашып жүрүшөт

Кыргыздардын ырын ырдап той ашта

Кыргыз тилин өз тилиндей сүйүшөт

Эки тажик бара жатып көчөдө

Кыргызчалап азилдешип күлүшөт

Сары-Колдо накта кыргыз болбосо

Булар тилди кайдан билип жүрүшөт

 

Мургаб району

Токтомуш айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.