САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ

Адамзат

Оо адамзат бул жашоодо конокбуз,

Байлык мансап эч бирине тойбойбуз.

Жараткан берип жаткан ырыскыга,

Эч качан тообо кылып койбойбуз.

 

Оо адамзат бул жашообуз күнүмдүк,

Өтөбүз бир күн өмүр суубуз түгөнүп.

Барабыз чын жашоого дал ушунда,

Калат баары байлыктарда бул жалганда.

 

Ала барбайт байлыктарын эч кимиси,

Керектелбейт байлыктардын эч бириси.

Чын жашоого байлык эле мына ушул,

Намаз оку жана дагы сооп иш кыл.

Кулсариев Абдималик

 

Менин ырым

Жазган ырым эгер болсо даамдуу,

Ыр көлүнөн ыр алайын кочуштап.

Ыр тамчысын тамчылатып жериме,

Гүлдөй назик сөздөр өссө кайрымдуу.

 

Жүрөк кылын күүгө салат ырларым,

Эл алдында келе берет ырдагым.

Мен эңсеген далай сонун кыялым,

Сиңдилерим, силерге айтам сырларым.

 

Уул-кызын эркелеткен, неберелүү энемин.

Силер менен чогуу жашап келемин.

Күбө болуп далай аппак тойлорго,

Суранышса шаңшып ырдап беремин.

 

Менин ырым-маңдайымда энекем

Менин ырым-эркелеген неберем

Менин ырым-таңдан чыккан күн десем,

Менин ырым-энем сөзү берекем.

Паризат Казы тегин

 

Мургабым

Бейиш жери Мургабымды сагындым,

Мен өзүңө суудай болуп агылдым.

Мургабымдын курут, майы, боорсогу,

Желдеп турган шамалыңды сагындым.

 

Алыс жүрсөм мен өзүңдү сагынам,

Сен оорусаң дары болуп табылам,

Оорубачы, Ата журтум-Мургабым,

Сен дегенде даярмын мен баарынан.

 

Сен десе жүрөгүмдөн ооруп турам,

Көз тийбесин, мен өзүңдү кооруп турам.

Мургаб десе ай-аалам тике турган,

Сен үчүн дайым болсо жаным курман.

Жамалидинов Самидин

 

Токтомушум

Айланага көз чаптырам берилип,

Тоолор турат асман тирейт керилип,

Суктанамын кооздугу жомоктой

Сары Колума көз жетпейтго дээрлик.

 

Токтомуштун кенен тоосу жылгасы,

Жылгасында жайнайт аркар-кулжасы.

Суктангандан санап дагы бүтө албайм,

Бири мында, тээ алыста бири башы.

 

Топ-топ болуп аркар-кулжа мекендеп,

Мергендери сая түшөт жетем деп.

Табияттын кубулушу өзгөчө

Эх Сары Кол! Сенде жашоо керемет.

Токур уулу Токтобек

 

А.Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.